
1992 – 1998: Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору
(1993-жылдан тартып – Кыргыз улуттук университетинин ректору)
Техника илимдеринин доктору, профессор, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги. Физик.
Жашаган жылдары: 01.05.1943 – 01.02.2022 -жж.
Туулган жери: Предтеченка айылы, Москва району, Чүй облусу.
Билими: 1960-1964-жж. – Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультети.
1965-1968ж. – Новосибирск мамлекеттик университетинин аспиранты.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1968 – 1976 – жж. – Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, ага окутуучу жана доцент.
1976 – 1986 – жж. – Фрунзе политехникалык институтунун физика кафедрасынын башчысы.
1986 – 1988 – жж. – Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору.
1988 – 1992 – жж. – Фрунзе политехникалык институтунун физика кафедрасынын башчысы.
1990 – жылдары Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты.
1992 – 1998 – жж. – Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору.
1998 – 1999 – жж. – Кыргызстандын билим берүү, илим жана маданият министри.
2000 – 2021 – жж. – спутник байланыш борборунун башкы директору, КМУУнун телекоммуникация боюнча проректору, ректордун кеңешчиси, атмосфераны көзөмөлдөө илимий-изилдөө борборунун директору.
Атмосфера физикасы тармагында таанылган адис, республикадагы космостук изилдөөлөр багытындагы алдыңкы окумуштуу. Ал атмосферанын физикасын ракеталык, аэростаттык, баллондук жана жер бетиндеги изилдөөлөр үчүн жука пленкалуу детекторлорду, оригиналдуу сенсор-эсептегичтердин конструкцияларын даярдоо технологиясын иштеп чыккан. Бир катар уюмдарда жука пленка детекторлорун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга чоң салым кошкон. КУУнун “Ысык-Көл” станциясында Борбордук Азиянын тоолуу регионунун үстүндөгү озон катмарын, УК-радиациясын жана парник эффектин изилдөөгө активдүү катышкан.
- “Ардак Белгиси” Ордени (1984).
- Кыргыз ССРинин Ленин комсомолунун илим жана техника жаатындагы сыйлыгынын лауреаты (1976).
- КРнын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2010).
- Кыргыз ССР ЖКнын Ардак грамотасы (1980).