
2011 – 2014: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору
Педагогика илимдеринин доктору, профессор.
Туулган жылы:1952. 20.01 – 2022. 17. 11.
Туулган жери: Чүй облусу, Чүй району, Кегети айылы.
Билими: 1968-1973-жж. – Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин студенти.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1973-1974-жж. – КМУнун филология факультетинин кыргыз тил илими кафедрасында окутуучу.
1974-1975-жж. – КМУнун комсомол комитетинин катчысынын орун басары.
1975-1980-жж. – КМУнун филология факультетинин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасында окутуучу.
1980-1993-жж. – филология факультетинин деканынын орун басары, КМУнун филология факультетинин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын улук окутуучусу.
1993-жж. – КМУнун ректорунун жардамчысы.
1993-1996-жж. – КМУнун тарбия иштери боюнча проректору.
1996-1997-жж. – КМУнун кадрлар жана тарбия иштери боюнча проректору.
1997-1997-ж. – КМУнун Проректору жана Адистерди максаттуу даярдоо борборунун директору.
1997-ж. КМУнун окуу жана мектептен тышкаркы иштер боюнча проректору.
1997-1998-жж. – КМУнун финансы-чарба иштери боюнча проректору.
1998-2000-ж.ж. – КМУнун Адистерди максаттуу даярдоо институтунун директору.
2000-ж. КМУнун бюджеттен тышкаркы фонддор боюнча проректору.
2000-2008-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун биринчи проректору.
2008 – 2009-жж. – Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректорунун милдетин аткаруучу, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Коомдук-гуманитардык илимдер институтунун проректору, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору.
2009-2011-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык иштер боюнча проректору, педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору.
2011-2014-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору.
Сыйлыктары:
- Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер.
- Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги.