1998 – 2000: Кыргыз улуттук университетинин ректору

Физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз математикалык коомунун Президенти.

Кыргыз Республикасынын 1-класстагы Мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөсү, бир катар чет өлкөлүк академиялардын мүчөсү, М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ардактуу профессору. Геометрия жана топология боюнча өзүнүн илимий мектебин түзүп, эл аралык илимий коомчулук тарабынан таанылган.

2001-жылы Москва обсерваториясы Текечер (Козерог) топ жылдызындагы жаңы ачылган жылдыздардын бирине – Алтай ысымы ыйгарылган. Заманбап математиканын өнүктүрүүсүнө зор салым кошкон. Академиктин эки ачылышы эл аралык деңгээлде таанылган. Биринчиси — «Топологиялык мейкиндиктердин өзгөчө касиеттери жөнүндө» изилдөө. Экинчиси – “Абсолюттук операциялардын ордун алмаштыруу, тең салмактуу мейкиндикте толуктоо жана кеңейтүү касиетин”, Академик Алтай Бөрүбаев Борбор Азиядан биринчилерден болуп Оксфорд университетинин дүйнөлүк окумуштуулар реестрине киргизген.

Туулган жылы: 31-декабрь, 1950-жыл.

Туулган жери: Талас облусу, Талас району, Кара-Ой айылы.

Билими: 1967-1972-жж. – Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетинин студенти.

1972-1975-жж. М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасы.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1975-1982-жж. – КМУнун алгебра жана геометрия кафедрасында мугалим, улук мугалим, кафедра башчысы.

1983-1984-жж. – Карл университетинде (Чехословакия, Прага) илимий стажировка.

1985-1987-ж. – КМУнун алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы.

1988-1990-жж. – М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин докторанты.

1990-1991-жж. – Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетинин деканы.

1991-1992-жж. – КМУнун илимий иштер боюнча проректору.

1992-1994-жж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү министринин биринчи орун басары.

1994-1998-жж. – Арабаев атындагы КМПУнун ректору.

1998-2000-жж. – Кыргыз улуттук университетинин ректору. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

2000-2005-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы.

2005-2013-жж. – Кыргыз Республикасынын (Улуттук) Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы.

2013-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти.

2016-жылдан – КР УИАнын Математика институтунун директору.

Сыйлыктары:

  • Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты(1998, 2002).
  • ●        Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер.
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын И. Ахунбаевдин ат. жогорку илимий сыйлыгынын лауреаты.
  • КУУнун Ж. Баласагын атындагы жогорку сыйлыгы. (1999-ж.)
  • Илим жана техника боюнча Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты.
  • Карл университетинин (Прага) Ардак медалы.
  • Оксфорд университетинин “Илимдеги ысым” алтын медалы жана сертификаты.
  • Оксфорд университетинин КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын “Шериктештик” ордени.
  • «Санкт-Петербург шаарына 300 жыл» юбилейлик медалы.
  • “Астана” медалы.

Добавить комментарий