
1987 – 1993: Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору
Химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын жана Эл аралык инженердик академиясынын анык мүчөсү, Нью-Йорк академиясынын анык мүчөсү.
Өмүр жылдары: 26.01.1934
Туулган жери: Эмгекчил айылы, Нарын району, Нарын облусу.
Билими: 1952-1956-жж. Д. Менделеев атындагы Москва химия-технологиялык институтунун, химия факультетинин студенти.
1959-1962-жж. СССР ИАнын Москвадагы Физикалык химия институтунун аспиранты.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1956 – 1987-жж. – Кыргыз ССР Илимдер академиясынын лаборанты, илимий кызматкер, лаборатория башчысы, илимий иштер боюнча институттун директорунун орун басары
1987 – 1993 – Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору.
1989 – КР Жогорку Кеңешинин депутаты (легендарлуу парламент).
1992 – 2005 – КР Улуттук аттестациялык комиссиясынын уюштуруучусу жана биринчи төрагасы.
2005-ж. – көп томдуу Кыргыз улуттук энциклопедиясынын башкы редактору.
Сыйлыктары:
- Эмгек Кызыл Туу Ордени (1976).
- 3-даражадагы “Манас” ордени (2003).
- Россия Федерациясынын I даражадагы Улуу Петр ордени (2007).
- Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу (1979).
- КРнын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000).
- Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы (1981).
- “Даңк” Медалы (1995).
- Эл аралык “Руханият”сыйлыгы.
- Ж. Баласагын атындагы сыйлыктын лауреаты.
- И. Арабаев атындагы сыйлыктын лауреаты.