
1951 – 1954: Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору
Тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз ССР илимдер академиясынын академиги. Кыргыздардын XIX к. саясий тарыхын жана Россия менен болгон байланыштарын изилдеген көрүнүктүү окумуштуу.
Өмүр жылдары: 15.11.1914 – 31.10.1982-жж.
Туулган жери: Чүй облусу, Сокулук району, Күнтуу айылы.
Билими: 1932-1936-жж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун коомдук илимдер факультетинин студенти.
1938-1943-жж. аталган окуу жайдын аспиранты;
Эмгек ишмердүүлүгү:
1936-1938-жж. – Кыргыз педагогикалык институтунун окутуучусу.
1938-1939-жж. – Украинанын Херсон облусундагы Скадов районунун Чалбасы айылындагы кулакка тартылып, сүргүнгө айдалган кыргыз байларынын балдары үчүн ачылган орто мектептин мугалими.
1943-1950 – жж. – СССР илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын ага илимий кызматкери.
1950-1951-жж. – СССР илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын Тил, адабият жана тарых институтунун директору.
1951-1954-жж. – Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору.
1954-1955-жж. – Кыргыз ССР илимдер академиясынын Коомдук илимдер бөлүмүнүн академик-катчысы.
1965-1976-жж. – Кыргыз ССР ИАсынын вице-президенти.
1971-1975-жж. – Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы.
1976-1982-жж. – Кыргыз ССР ИАсынын Тарых институтунун бөлүм башчысы.
Сыйлыктары:
- Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгы (1970).
- Ленин ордени.
- Октябрь Революциясы ордени.
- Элдердин Достугу ордени.
- Үч “Ардак Белгиси” ордени.
Ар түрдүү медалдар.