
1960 – 1976: Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору
Тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз ССР ИАсынын академиги. Мамлекеттик жана саясий ишмер.
Өмүр жылдары: 15.03.1928 – 1993-жж.
Туулган жери: Чүй облусу, Сокулук району, Кызыл-Туу айылы.
Билими: Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1941-1946-жж. – Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институтунун студенти.
1950-1951-жж. – Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун окутуучусу.
1952-1953-жж. – Кыргызстан КП БКнын алдындагы партия тарыхы институтунун бөлүм башчысы.
1953-1954-жж. – Кыргызстан ЛКЖС БКнын катчысы.
1954-1956-жж. – Кыргыз ССР ИАсынын Тарых институтунун директору.
1956-1960-жж. – Кыргызстан КП БКнын бөлүм башчысы, Фрунзе шаарындагы Кыргызстан КП Биринчи Май райкомунун 1-катчысы, Кыргызстан КП БКга караштуу партия тарыхы институтунун директору.
1960-1976-жж. – Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору.
1975-1980-жж. – Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы.
1976-1983-жж. – Кыргыз ССР ИАсынын вице-президенти.
1983-1992-жж. – Кыргыз ССР ИАсынын Тарых институтунун директору.
1992-1993-жж. Тарых институтунун директорунун кеңешчиси.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6-9-чакырылыштарынын депутаты.
Сыйлыктары:
- Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.
- Эмгек Кызыл Туу ордени.
- Ленин ордени.
- 2 “Ардак Белгиси”ордени.
- Монгол Эл Республикасынын Улуу Хуралынын 3 медалы.
- Вавилов атындагы медаль.