
2005 – 2006: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору
Педагогика илимдеринин доктору, профессор, мамлекеттик ишмер.
Туулган жылы: 22-декабрь 1951-жыл.
Туулган жери: Ысык-Көл облусу, Түп району, Тасма айылы.
Билими: 1968-1973-ж.ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин студенти.
1974-1977-жж. – М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аспиранты.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1974-1977-жж. – М. В. Ломоносов атындагы ММУ аспиранты.
1997-1998-жж. – КМУнун окутуучусу.
1978-1982-жж. – Кыргыз ССР илимдер Академиясынын Тарых институтунун окумуштуу-катчысы.
1982-1991-жж. – Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин алдындагы партиянын тарыхы институтунун ага илимий кызматкери.
1991-1992-жж. – Кыргызстан кыз-келиндер педагогикалык институтунун доценти.
1992-1994-жж. – Мамлекеттик тилдер жана гуманитардык илимдер институтунун илим боюнча проректору.
1994-2002-жж. – Бишкек гуманитардык университетинин ректору.
2002-2004-жж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министри.
2005-2006-жж. – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору.
2009-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы, Балтика өлкөлөрүндөгү жана КМШнын уставдык органдарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
2010-ж. тарта КРСУнун ректорунун кеңешчиси жана КР Тышкы иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрайымы.
Сыйлыктары:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер.
- «Даңк» медалы.