
1976 – 1979: Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору
Физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз ССР ИАнын академиги, СССР ИАнын жана РИАнын корреспондент-мүчөсү. Дифференциалдык жана интегралдык-дифференциалдык теңдемелер теориясы жана алардын прикладдык илимдердеги колдонмолору багытындагы адис.
Кыргыз ССРинин илимине эмгек сиңирген ишмер (1981).
Өмүр жылдары: 13.09.1931 – 24.02.2017.
Туулган жери: Кайыңды айылы, Кемин району, Чүй облусу.
Билими: 1943-1953-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинде, 1953-1956-жж. КМУнун жана М. В. Ломоносов атындагы ММУнун аспирантурасында окуган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1957-1960 – жж. Кыргыз Мамлекеттик университетинде окутуучу, ага окутуучу.
1960-1962-жж. – Фрунзе политехникалык институтунда (азыркы Исхак Раззаков ат. Кыргыз техникалык университети) окуу иштери боюнча проректор, андан кийин ага илимий кызматкер (докторант).
1966-1973-жж. – Кыргыз ССР ИАсынын физика жана математика институтунун директору.
1973-1976-жж. – өнүгүү жана алмашуу боюнча эл аралык математиктер союзунун Аткаруу комитетинин мүчөсү; “Ерас”рефераттык журналынын баяндамачысы.
1976-1979 – жж. – Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору.
1984-2017-ж. – Кыргыз Республикасынын УИАнын теориялык жана колдонмо математика институтунун директору.
2000-ж. тарта – Америка биографиялык институтунун кеңешчилер изилдөө коллегиясынын ардактуу мүчөсү.
Сыйлыктары:
- Эмгек Кызыл Туу ордени (1979).
- Ⅰ жана Ⅲ даражадагы “Манас” ордени.
- СССРдин медалдары.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин “ХХ кылымдагы көрүнүктүү илимий жетишкендиктери үчүн” Ардак алтын медалы.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары.