Месяц: Апрель 2025

МжИИ студенттери “Ата-Бейит” комплексинде Апрель окуясында каза болгон КУУнун окутуучулары Мырзабек Жумаев менен Жолдошбек Кудайбергеновду эскеришти

2025-жылдын 4-апрель күнү математика жана информатика институттун студенттери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, Апрель окуясында каза болгон баатырларды, алардын ичинде Улуттук университеттин математика жана информатика институтунун ага окутуучусу Мырзабек Жумаев менен…

Ош шаарындагы ГТИФте мамлекеттик тил боюнча студенттердин республикалык олимпиадасынын I туру жыйынтыкталды

2025-жылдын 3-апрелинде ордолуу Ош калаасындагы Улуттук университеттин гуманитардык-табигый илимдер факультетинде өлкөнүн түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларынын студенттерин чогулткан билим таймашы болуп өттү. Мамлекеттик тил боюнча республикалык олимпиада университеттин мамлекеттик тил…

Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн студенттери Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде билим алышууда

Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн “Котормо жана котормо таануу” адистигинде билим алып жаткан ККТ-2-23 группасынын студенттери: Керезова Айдана, Тургунполотова Айжана, Нурланова Аида, Бекболотова Айгерим, Тасмабекова Айназик жана…

СГИИнин директору Абдикайым Жусубалиев Россиянын Федералдык окуу-методикалык бирикмесинин кеңешине катышты

2025-жылдын 3-апрелинде социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Абдикайым Жусубалиев Екатеринбург шаарында өткөн «Социология жана социалдык иштер» боюнча Федералдык окуу-методикалык бирикмесинин «Жаштар менен иштерди уюштуруу» багыты боюнча окуу-усулдук кеңешинин отурумуна катышты. А.Жусубалиев…

«App IT Company» компаниясынын жетекчилери КТЖИИнин студенттери үчүн конок лекция окушту

2025-жылдын 3-апрелинде смарт класста компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун «Информатика жана эсептөө техникасы» багытынын 1-курс студенттери үчүн «App IT Company» IT компаниясынын директору, флаттер иштеп чыгуучу, агартуучу Турат Алыбаев…

Улуттук университетте масштабдуу ишембилик өткөрүлдү

Бишкек мэриясынын 2025-жылдын 11-мартындагы №01-10/681 катынын негизинде чыгарылган КУУнун административдик чарба иштери боюнча проректору Бакытбек Айтахуновдун буйрутмасын аткаруу максатында 2025-жылдын 5-апрель күнү Кыргыз улуттук университетинин студенттери менен кызматкерлери ишембиликке чыгышып,…

Кочкор районунун Ак Жар айылындагы орто мектептин окуучулары компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту менен таанышты

2025-жылдын 3-апрель күнү Кочкор районунун Ак Жар айылынын Бейшенбек Иманалиев атындагы орто мектебинин окуучулары компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтуна келишти. КТЖИИ директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Кыдырмаева С.С.…

Илимий-метрикалык талдоо бөлүмү КТЖИИде Scopus, Google Академия, РИНЦ базаларын колдонуу боюнча семинар өткөрдү

2025-жылдын 3-апрелинде КУУнун илимий-метрикалык талдоо бөлүмүнүн башчысы А.Шайылдаева, бөлүмдүн жетектөөчү адиси Т.Ишеналиев жана башкы адиси Жолдошали кызы Ү. компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун окутуучу курамына Scopus, Google Академия, РИНЦ…

Улуттук университетте Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жарандык коргонуу боюнча машыгуу өткөрүлдү

2025-жылдын 4-март күнү саат 10дон 11ге чейин Улуттук университеттин 6-окуу имаратында өрт өчүрүү жана өрттүн алдын алуу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жана мэрия менен макулдашылган пландын…

Улуттук университетте Апрель революциясынын сабактарына жана тарыхый маанисине арналган кереге кеңеш болуп өттү

2025-жылдын 3-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесинин алкагында 2010-жылдагы 7-апрель Элдик революциясынын 15 жылдыгына карата тарых жана чөлкөм таануу институту, социалдык-гуманитардык илимдер институту, компьютердик технологиялар жана…

Улуттук университет менен Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети өз ара алакасын кеңейтет

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев баштаган делегациянын Ош шаарына болгон иш сапарындагы акыркы жогорку окуу жай болду. Жолугушууга келген университеттин жамааты менен алдыга коюлган…

Догдурбек Чонтоев Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев менен жолугушту

КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев баштаган делегациянын М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетине болгон сапары окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуу жана заманбап жасалгаланган аудиториялар, университеттин жетишкендиктери менен жакындан таанышуудан башталды.…

Улуттук университет менен ОшМПУ ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду

2025-жылдын 3-апрелинде КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев баштаган делегация Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинде жана Ош мамлекеттик университетинде болгондон кийин, Ош мамлекеттик педагогикалык университетине барды. ОшМПУга болгон иш сапар жагымдуу концерттик…

Академик А.А.Бөрүбаев атындагы АГТжЖМО кафедрасынын окутуучулары ишембилик өткөрдү

2025-жылдын 2-апрель күнү математика жана информатика институтунун академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын мүчөлөрү ишембилик өткөрүп, 6-окуу имаратынын күн чыгыш тарабындагы аянтчаны тазалап, төрт орундукту,…

Догдурбек Чонтоев баштаган КУУнун делегациясы Ош мамлекеттик университетине барды (толукталды)

2025-жылдын 3-апрелинде КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев баштаган делегация Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетиндеги ЖОЖдор аралык студенттик олимпиаданын ачылыш аземинен кийин Ош мамлекеттик университетине барды. Догдурбек Чонтоев адегенде ОшМУнун “Келечек муундун…

Ректор Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинде ЖОЖдор аралык студенттик олимпиаданы ачты

2025-жылдын 3-апрель күнү КУУнун Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинде Улуттук университеттин 100 жылдыгына жана улуу акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган мамлекеттик тил боюнча республикалык ЖОЖдор аралык студенттик олимпиаданын ачылыш…

Окумуштуулар кеңешинин 02.04.2025 отуруму

2025-жылдын 2-апрель күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алып барган жыйында кадрлар башкармалыгы менен окуу…

Ректор Универсиадада 1-орундарды ээлеген КУУнун стол тенниси жана кыргыз күрөшү боюнча командалары менен жолугушту

2025-жылдын 2-апрелинде КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кыргызстандын жогорку окуу жайлары арасында өткөрүлгөн Универсиадада 1-орундарды ээлеген Улуттук университеттин стол тенниси боюнча кыз келиндер командасы жана кыргыз күрөшү боюнча эркектер командасы…

Догдурбек Чонтоев Москвадагы эл аралык олимпиадада 1-орунду ээлеген КУУнун студенттерин кабыл алды

2025-жылдын 2-апрелинде КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Москвадагы Россиянын элдердин достугу университетинде (РЭДУ) өткөн “Бухгалтердик эсеп биздин айланабызда” аттуу эл аралык студенттик олимпиадада 1-орунду ээлеген экономиканын жогорку мектебинин (ЭЖМ) бухгалтердик…

Улуттук университетте илим жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү башкармалыгы түзүлдү

2025-жылдын 2-апрель күнү КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев университеттин илим багытындагы түзүмдөрүнүн кызматкерлерин кабыл алып, илимий ишмердүүлүктү күчөтүү, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу, аспирант, PhD докторант, докторант жана окутуучу-профессордук курамдын…