2025-жылдын 3-апрелинде ордолуу Ош калаасындагы Улуттук университеттин гуманитардык-табигый илимдер факультетинде өлкөнүн түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларынын студенттерин чогулткан билим таймашы болуп өттү. Мамлекеттик тил боюнча республикалык олимпиада университеттин мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулуп, КР Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында Улуттук университеттин 100 жылдыгына жана улуу акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган.

Олимпиаданы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев ачып, иш-чарага Ош, Жалал Абад жана Баткен областтарындагы онго жакын жогорку окуу жайларынан 90 го жакын студент катышты, алар: Баткен мамлекеттик университетинин, Жалал Абад мамлекеттик университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Заманбап эл аралык университетинин (Жалал Абад шаары), Ош мамлекеттик технологиялык университетинен, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун, Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университеттеринин өкүлдөрү.

Шартка ылайык катышуучу студенттер жазуу иши, котормо иши жана көркөм окуу боюнча артыкчылыктарын көрсөтүштү. Башкача айтканда, кыргыз тилинде жат жазуу, көркөм окуу жана орус тилиндеги анимациялык фильмдерди кыргыз тилине которуу багытында күч сынашышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Мыкты тил билги жана көркөм окуу» номинациясы боюнча Ош мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик педагогикалык институту, Ош мамлекеттик технологиялык университети жана Баткен мамлекеттик университетинин атынан катышкан студенттер артыкчылыкты жаратышкан.

Ал эми “Мыкты котормо” номинациясы боюнча Ош мамлекттик университети, Баткен мамлекеттик уинвреситети, Заманбап эл аралык университети, Ош технологиялык университети аталган окуу жайлардын жеӊүүчү аталган студенттери кийинки этапка өтүп, жыйынтыктоочу финалга жолдомо алышты.

Тактап айтканда, кызуу атаандаштыкты жараткан Ош шаарындагы республикалык олимпиадага 80 дей студент катышып, соӊунда алардын мыкты болгон жетөө Бишкекте өтө турган финалдык сынака жолдомо алышты.

Алар: ОшМУ 2 номинация менен, БатМУ 2 номинация менен,

ОшТУ, ОШМПИ, Жалал-Абад заманбап эл аралык университети 1 номинация менен катышат.

Жыйынтыктооочу таймаш 15-апрелде баш калаадагы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өтөт.

Мамлекеттик тилде билим сынагында жалпысынан бардык окуу жайлардын студенттеринин аткарууларындагы аракеттер менен даярдыктары мактоого аларлык экендигин айта кетүү ашыктык болбойт. Себеби, ар бир олимпиаданын катышуучусу дыкат жакшы даярдыкта келгендери байкалып турду. Ошону менен бирге, студенттердин жазуу иштеринде айрым кемчиликтер болгонун дагы айта кетүү керек.

Ал эми мыктыларды аныктаган калыстар тобун бир катар компетентүү адисттер түзгөн. Алар: Д. К. Мырзагулова – калыстар тобунун төрайымы, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, мамлекеттик бөлүмүнүн башчысы, А.С. Молорбаев – калыстар тобунун мүчөсү, ЭлТР МТРКнын баяндамачысы, С. А. Аманова – калыстар тобунун мүчөсү, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы, К. А. Калыкулов – калыстар тобунун мүчөсү, С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын директору, Маматкарим кызы Эркайым – калыстар тобунун мүчөсү, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кызматкери.

(С) Д.К.Мырзагулова – мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий