2025 -жылдын 31-мартында компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда О! Мобилдик операторунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, алар студенттерге Intern Labs 1.0 CyberSecurity билим берүү долбоорунун башталышы тууралуу маалымат беришти.

Intern Labs 1.0 CyberSecurity – бул киберкоопсуздук тармагында карьера курууну каалагандар үчүн 3 айлык интенсивдүү курс.

Тандоо 2 этаптан турат – студенттерди алдын ала даярданууга чакырышат!

Сабактардын графиги: Дүйшөмбү, Шаршемби, Жума: 16:00 – 18:00

Окутуучулар жана насаатчылар: Нур Телекомдун маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, киберкоопсуздук жаатында тажрыйбалуу адис.

Менторлор: О! Мобилдик операторунун коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери. Алар тажрыйбасы жана практикалык билимдери менен бөлүшүүгө даяр.

Курстун артыкчылыктары:

  • практикалык киберкоопсуздукка терең киришүү
  • өз алдынчалуулукту, тартипти жана жоопкерчиликти өнүктүрүү
  • окууну ийгиликтүү аяктаган мыкты студенттерге НУР Телекомдо ишке орношуу мүмкүнчүлүгү болот.

Окуу акысыз жана 3 айга созулат. Апрель айынын аягында бул долбоор боюнча топ түзүлүп, аны ишке киргизүүгө даярдыктар башталат.

(С) Махабат Сыдыкова – КТЖИИ директорунун орун басары 

Добавить комментарий