Аталган конгресс буга чейин ОшМУда башталып, бүгүн Улуттук университетте улантылды. Ага Кытай, Германия, Орусия, Сербия, Белорусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын окумуштуулары, географтар, экологдор, илимий изилдөөчүлөр жана илимий абройлуу борборлордун өкүлдөрү катышууда.
Кыргыз Улуттук университетинин ректору, география илими боюнча профессор Догдурбек Чонтоев өз сөзүндө Евроазия аймагында географиялык абалдын экономикага тийгизген таасирине токтолуп, ” Азия аймагы биздин мамлекет аралык мамилелерде суу ресурстары бөлүнүү эмес, биригүүчү фактор болуш керек” деген идеяны билдирди.
Анда Евразиядагы мейкиндиктик өнүгүү, “жашыл” экономика, климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири, регионалдык транспорттук коридорлор жана геосаясий маселелер, чечүү сунуштары айтылды.
Иш-чаранын соңунда КУУнун ботаникалык бакчасына экскурсия жасалып, андагы жасалып жаткан иштер көрсөтүлдү.
Бул ири эл аралык илимий жыйын Ош мамлекеттик университети, Кыргыз улуттук университети, Бишкек мамлекеттик университети биргелешип уюштурган.