2025-жылдын 2-апрель күнү КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев университеттин илим багытындагы түзүмдөрүнүн кызматкерлерин кабыл алып, илимий ишмердүүлүктү күчөтүү, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу, аспирант, PhD докторант, докторант жана окутуучу-профессордук курамдын илимий эмгектерин жарыялоо ишин активдештирүү, о.э. университеттин эл аралык илимий-изилдөө мейкиндигине катышуусун кеңейтүү максатында мурдагы “Илимий саясат жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу башкармалыгы” 2025-жылдын 1-апрелинен тартып “Илим жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү” башкармалыгына” өзгөртүлгөндүгү тууралуу буйрук жана аталган башкармалыктын башчысы болуп дайындалган Америкадагы Миннесота университетинин бүтүрүүчүсү, философия доктору (PhD) Тыналиев Урматбек Мэлисович менен тааныштырды.

Аталган документке ылайык, кайрадан түзүлгөн башкармалыгыкта төмөндөгү бөлүмдөр болот:

  1. Илимий метрикалык талдоо бөлүмү (3 бирдик)
  2. Илим бөлүмү (3 бирдик)
  3. PhD докторантура бөлүмү (4 бирдик)
  4. Аспирантура жана докторантура бөлүмү (2 бирдик).

Отурумга биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу жана мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев катышты.

Тыналиев Урматбек Мэлисович – илим жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы

Добавить комментарий