2025-жылдын 3-апрелинде КУУнун илимий-метрикалык талдоо бөлүмүнүн башчысы А.Шайылдаева, бөлүмдүн жетектөөчү адиси Т.Ишеналиев жана башкы адиси Жолдошали кызы Ү. компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун окутуучу курамына Scopus, Google Академия, РИНЦ илимий-метрикалык маалыматтар базасын колдонуу боюнча семинар өткөрүштү.
Семинар окутуучулар үчүн кызыктуу болуп, алар активдүү катышып, суроолорду берип, кызыктуу талкуу жүргүзүштү.
(С) Махабат Сыдыкова – КТЖИИ директорунун орун басары



