2025-жылдын 3-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Enactus КУУ командасын кабыл алып, алардын жетишкендиги менен куттуктады. Ректор студенттерди коомдук активдүүлүк менен катар билим сапатына да өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 30–31-майында Ош шаарында Enactus Кыргызстан уюмунун 30 жылдык мааракесине арналган Улуттук стартап мелдештери өтүп, ага жети дубандан 25тен ашуун команда катышты.
Enactus КУУ командасы текстиль жана азык-түлүк калдыктарын кайра иштетүүгө багытталган эки долбоору менен ийгиликтүү чыгып, финалда 3-орунду ээледи. Биринчи орунду Кыргыз Экономикалык Университети, экинчи орунду Ош мамлекеттик университети алды.
Enactus КУУ командасы 1996-жылдан бери:
- Улуттук мелдештердин 8 жолку чемпиону,
- 4 жолку вице-чемпиону,
- 5 жолку коло байге ээси.
- 2017-жылы Лондондо өткөн Enactus World Cup финалында дүйнө жүзү боюнча 3-орунду ээлеп, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен дүйнөлүк финалга чыккан алгачкы команда.





