КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев баштаган делегациянын М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетине болгон сапары окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуу жана заманбап жасалгаланган аудиториялар, университеттин жетишкендиктери менен жакындан таанышуудан башталды.

Сөз алган ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев КУУнун 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, өзү жетектеген окуу жайдын сыймыктуу профессор, окутуучулары, илимпоздору КУУнун бүтүрүүчүлөрү экенин баса белгилеп, бул жагдай КУУнун орду, миссиясы жана басып өткөн бараандуу жолу, өлкөнүн тарыхы, тагдыры менен канатташ экенине токтолду. Ал о.э. М.Адышев атындагы ОшТУ теория менен практиканы айкалыштырып, замандын талабына ылайык келген адистерди түштүк аймактын гана эмес, бүтүндөй республиканын ички өндүрүшүнө даярдап берип келе жаткан окуу жай экенин айтып өттү.

КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Улуттук университеттин бүгүнкү жетишкендиктери менен бөлүшүп, “Алтын Казык” программасынын тегерегинде кеп салып, мамлекет башчысы С.Жапаровдун доктринасынын алкагында да жигердүү иш алып барууга кесиптештерди чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ж.Баласагын атындагы КУУ менен М.Адышев атындагы ОшТУнун ректорлору меморандумга кол коюп, эки окуу жайдын ортосундагы илимий, билим берүүнүн баардык багыттары боюнча иш алып барууга даяр экендигин билдиришти.

(С) Ширин Костюк – журналистика жана коммуникация институтунун директору

Добавить комментарий