2025-жылдын 2-апрель күнү математика жана информатика институтунун академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын мүчөлөрү ишембилик өткөрүп, 6-окуу имаратынын күн чыгыш тарабындагы аянтчаны тазалап, төрт орундукту, таштанды таштоочу челектерди, жол жээгиндеги бордюрларды сырдап, бак-дарактарды акиташ менен акташты.
Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору Д.Т. Чонтоевдин университеттин айлана- чөйрөсүн жашылдандыруу боюнча демилгеси колдоого алынып, кафедра башчысы профессор Бекболот Канетов “Жашыл мурас” кампаниясын өткөрүү боюнча алгылыктуу иштер жасалып, бүгүнкү ишембиликке окутуучулар менен бирге кафедрага практика өтүү үчүн бөлүнгөн студенттер да катышканын баса белгиледи. Кафедранын мүчөлөрүнун эсебинен үч чоң чака водоэмульсиялык сыр, тактайлар үчүн жашыл, сары, кызыл жана кара сырлар жана сырдоо каражаттары сатылып алынды.
Ал о.э. “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында аткарыла турган иштер мындан ары да байма-бай өткөрүлө тургандыгы жөнүндө сөз кылды.
Белгилеп кетчү нерсе, 2021-жылдын 30-апрель күнү аталган кафедранын мүчөлөрүнүн өз эсебинен сатылып алынган 15 ак кайың, 5 арча КУУнун Ботаникалык бакчасына олтургузулуп, азыркы учурда жаратылыштын кооздугуна көрк берип турат.
Бул иш-чара Улуттук университеттин 100 жылдыгына жана мамлекеттик “Уңгу жол” доктринасынын негизги багыттарынын бири саналган, өзүбүз жашап жаткан айлана-чөйрөгө туура мамиле кылуу, жаштардын аң сезимине адам менен жаратылыштын эриш-аркак өнүгө тургандыгы, табияттын аялуу дүйнө экендиги жөнүндөгү түшүнүктөрдү бекем орнотуу максатында өткөрүлдү.
(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент







