Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев баштаган делегациянын Ош шаарына болгон иш сапарындагы акыркы жогорку окуу жай болду.
Жолугушууга келген университеттин жамааты менен алдыга коюлган иш пландар менен бөлүшкөн КУУнун ректору Д.Чонтоев эки элдин достугунун символу жана билим менен илим эки элге кызмат кылып жатканын, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин аркалаган ишин жана эки элге данакерлигин жогору баалай турганын баса белгиледи. Ошону менен катар, Догдурбек Чонтоев билим берүү системасында болуп жаткан өзгөрүүлөргө кенен токтолуп, чогуу көтөргөн жүк жеңил болоорун белгилеп, өз ара алаканы кеңейтип, кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыгыш керектигин айтып өттү. Соцпедагогдор менен психологдорду, педагогдорду чогуу даярдоого даяр экендигин жана жаш өспүрүмдөр арасында күч алган суицид көйгөйүнө бөгөт коюда да чогуу иш алып барсак деген оюн билдирди. Ректор эки элге элчи болгон бул окуу жайдын потенциалы чоң экенин белгилеп, КР Президенти С.Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында да колго алаарлык жаратман иштерди чогуу аткарууга чакырды. Андан ары Догдурбек Чонтоев КУУ тууралуу толук маалымат берип, Улуттук университет өлкөнүн баардык тармагынын керегине жараган кесипкөй адистерди даярдап берген бирден бир салмактуу окуу жай экенин айтты. КУУнун бүтүрүүчүлөрүнүн арасында эл баатырлары, эл жазуучулары, эл акындары, эл мугалимдери, олимпиада чемпиондору, атактуу илимпоздор жана сыймыктуу инсандар чыкканын белгилеп, 100 жылдык мааракени чогуу тосууга чакыруу катын берди.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору Абдилбает Мамасыдыков да өзү жетектеген окуу жай жөнүндө толук маалымат берип, достук жана бир туугандыкты ширелткен, эки өлкөнүн эмгек рыногунун талаптарына жооп берген, атаандаштыкка туруштук бере алган адистерди даярдап берип, ушул тапта жаңы долбоорлордун үстүндө иштеп, материалдык-техникалык базасын дагы жогорулатып, илим жаатында көңүл сүйүнткөн жетишкендиктери тууралуу маалымат менен бөлүштү. Стратегиялык өнүктүрүү максаттуу жүрүп, инвестиция тартуу ийгиликтүү жана эффективдүү жүрүп жатканын айтып өттү. Жогорку деңгээлдеги эл аралык иш чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар окуу жайда бир эле убакытта 7 тилге синхрондук которуу системасы бар экенин билдирип, бул багытта да эки окуу жай бири-бирин колдоп иштегенге чакырды. Окуу жайдын дагы бир сыймыктанчу жагдайы, китеп даярдоо борбору. Кыргызстандагы өзбек тилдүү баардык мектептерге өзбек тилинде китептерди даярдап, басып чыгарып берип жатканын айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгы болуп, кызматташтык келишимине кол коюлду.
(С) Ширин Костюк – журналистика жана коммуникация институтунун директору