2025-жылдын 3-апрель күнү КУУнун Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинде Улуттук университеттин 100 жылдыгына жана улуу акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган мамлекеттик тил боюнча республикалык ЖОЖдор аралык студенттик олимпиаданын ачылыш аземи болду.

Иш-чараны КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев ачып, мамлекеттик тилдин мааниси, улуттук баалуулуктар жана университетте болуп жаткан иштер боюнча кенен маалымат берди. Анын айтымында, ректорат мүчөлөрүнүн, профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттердин жума күндөрү улуттук кийимди аздектеп кийип келиши – жакшы демилге жана жакшы саамалык. Ректор о.э. университеттин басып өткөн жолу, 100 жыл ичинде өлкөнүн эл чарбасынын бардык тармактарына керектүү адистерди даярдап берип турганы, о.э. окуу жайдын 100 жылдыгына карата өткөрүлүүчү иш чаралар, чыгарыла  турган китептер, окуу куралдары жана илимий долбоорлор тууралуу толук маалымат берди.

Иш сапардын жүрүшүндө ректор факультеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, көйгөйлөрүн угуп, Оштогу ГТИФтин зарылдыгын белгилеп, ар тараптуу колдоого жана көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Аземдин соңунда, факультеттин жетекчилигине Улуттук университеттин 100 жылдыгына карата КУУнун туусу ак тилектер менен тапшырылып, ректор башында турган делегация филиалдын аймагына арча көчөттөрүн отургузушту.

(С) Ширин Костюк – журналистика жана коммуникация институтунун директору

Добавить комментарий