Буга чейин Бишкек шаарындагы Манас проспекти, 70 дарегинде жайгашкан КУУнун №4 жатаканасы бир нече жолу текшерүүдөн өткөн.
- 2011-жылдын 7-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги Кыргыз сейсмикалык курулуш илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту менен биргеликте жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, имаратты бекемдөө жана оңдоо иштерин жүргүзбөй пайдаланууга болбой турганы белгиленген. Ошондой эле, конструкциялардагы мүмкүн болгон деформациялар жана бузулуулар боюнча мониторинг жүргүзүү сунушталган.
- 2022-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Мамлекеттик сейсмикалык курулуш жана инженердик долбоорлоо институту (ГИССИП) менен биргеликте экинчи текшерүү жүргүзгөн. Бул текшерүүнүн жыйынтыгында, имарат СН КР 22.01.2018 “В” жобосунун талаптарына ылайык, 6.4 категориясына кирет деп табылган. Бул категорияга 1957-жылдан кийин долбоорлонгон, кирпичтен жасалган жүк көтөрүүчү дубалдары жана алдын ала даярдалган темир-бетон жабуусу бар имараттар кирет. Бул имараттар азыркы курулуш нормаларынын талаптарына жооп бербейт деп тыянак чыгарылган.
Ушул себептен улам, КУУнун №4 жатаканасы 2012-жылдан бери пайдаланууга берилбей (консервация) иштетилбей турган.
Жаңы 16 кабаттуу көп функциялуу комплекстин курулушу
Учурда КУУнун жатаканасынын эски имаратын бузуп, анын ордуна заманбап 16 кабаттуу көп функциялуу комплекс куруу пландалууда. Жаңы имарат заманбап стандарттарга жооп берип, студенттер үчүн кошумча окуу жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.
2025-жылдын 20-январында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ректору Бишкек шаарынын мэрине расмий кат менен кайрылып, Манас проспектиси, 70 дарегинде жайгашкан №4 жатакананын имаратын бузуу чечими тууралуу маалымдаган. Бул чечим университеттин Окумуштуулар кеңешинин токтомуна негизделип чыгарылган.
Бул кайрылууга жооп катары Бишкек шаарынын мэриясы атайын комиссия түзүп, имараттын техникалык абалы боюнча кошумча изилдөө жүргүзгөн. 2025-жылдын 24-февралында комиссия өз жыйынтыгын чыгарып, имараттын техникалык абалы өтө начар, авариялык экенин белгиледи. Комиссиянын мүчөлөрү бир добуштан бул имаратты мындан ары пайдаланууга болбойт жана ал бузулушу керек деген тыянакка келишкен. Комиссиянын курамына тиешелүү мамлекеттик органдардын тармактардын өкүлдөрү кирип, ага Бишкек шаарынын вице-мэри А.К. Кадыров төрагалык кылган.
“Кыргыз Улуттук университетинин (КУУ) Жусуп Баласагын атындагы №4 жатаканасынын ордуна заманбап 16 кабаттуу көп функционалдуу комплекс куруу пландалууда. Бул комплекс билим берүүчү дарсканалар, студенттер жана чет элдик окутуучулар үчүн жаткана, күн-түн иштеген китепкана, бала бакчаны камтыган жалпы аянты 16 000 м²ден ашкан социалдык имарат болуп курулат”- деп билдирди окуу жайдын ректору, профессор Догдурбек Чонтоев. .
Комплекстин негизги өзгөчөлүктөрү:
– Курамында:
- окуу аудиториялары жана лабораториялар;
- студенттер, магистранттар жана окутуучулар үчүн жатакана;
- административдик бөлмөлөр;
- КУУнун музейи;
- 200 орундуу күн-түн иштеген 24/7 китепкана;
- 600 орундуу амфитеатр жана конференц-зал;
- 60 орундуу эс алуу жана өз алдынча окуу зоналары;
- 60 орундуу галерея тибиндеги оранжерея;
- студенттер үчүн обсерватория.
жана студенттер менен чет элдик окутуучулар үчүн жатканалар курулат.
КУУнунун чарбалык иштери боюнча проректору Бактыбек Айтахуновдун айтымында” “Курулуштун жалпы наркы: 1 379 820 000 сом (бир миллиард үч жүз жетимиш тогуз миллион сегиз жүз жыйырма миң сом). Каржылоо булактары – 500 000 000 сом (беш жүз миллион сом )— университеттин өз каражаттары, – 879 820 000 сом (сегиз жүз жетимиш тогуз миллион сегиз жүз жыйырма миң сом)— Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондунун каражаттары. Курулуш мөөнөтү: 1,5–2 жыл”-деп билдирди. .
Ачык тендердин жыйынтыгы боюнча (анда үч курулуш компаниясы катышкан), Жусуп Баласагын атындагы КУУнун жаңы 16 кабаттуу заманбап комплекси боюнча курулуш иштерин жүргүзүүнү “Бай Таш” ЖЧК аныкталды.
Бул долбоор КУУнун 100 жылдык мааракесине карата инфраструктураны жаңыртуу программасынын алкагында ишке ашырылууда. Ал заманбап курулуш нормалары жана стандарттары эске алынуу менен иштелип чыгып, бардык колдонуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоого багытталган.











Тема боюнча кошумча материалдар:
- “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги
- “Кабар” Кыргызское национальное информационное агентство
- Биринчи радио
- Super.kg порталы