2025-жылдын 3-апрель күнү Кочкор районунун Ак Жар айылынын Бейшенбек Иманалиев атындагы орто мектебинин окуучулары компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтуна келишти.
КТЖИИ директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Кыдырмаева С.С. менен маалымат системалары жана технологиялары билим берүү программасынын ага окутуучусу Мусуралиева Д.Э. окуучуларды кичи автобустан түшөөрү менен тосуп алышып, кесипке багыт берүү боюнча экскурсия өткөрүп беришти.
Таанышуу смарт-класстан башталып, институттун компьютердик класстарын кыдыруу менен уланды. Экскусия 131А-дарсканасында кенен отуруп, баарлашуу менен аяктады.
Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар менен мугалимдер ЖРТ жана жогорку окуу жайга тапшыруу боюнча кенен маалымат ала алышты.
(С) Кыдырмаева С.С. – КТЖИИ директорунун тарбия иштери боюнча орун басары




