2025-жылдын 3-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына карата окуу жайдын төрт структурасы: А.А.Асанова атындагы менеджмент жана бизнес институту, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети, кыргыз-европа факультети, о.э. география, экология жана туризм факультети биргелешип уюштурган “Глобалдык санариптештирүү шартындагы улуттук экономика” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш чарада дүйнө жүзү боюнча актуалдуу болуп жаткан глобалдык санариптештирүү жана башка жаңы технологиялардын өлкөбүздүн жалпы экономикалык абалына тийгизип жаткан таасири ар тараптуу талкууланды.
Жыйынды КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев ачып, Кыргыз улуттук университетинин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын коомчулукка баса белгиледи. Ректордун айтымында, 100 жыл ичинде Кыргыз улуттук университетинин бүтүрүүчүлөрү өлкөбүздүн дээрлик баардык тармактарында: экономикада, бизнесте, айыл-чарбасында, мамлекеттик жана муниципалдык органдарда, ири бизнес-компанияларда жооптуу кызматтарда иштеп келе жатышат. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция, каржы министрлери жана алардын орун басарлары, область губернаторлору, шаар мэрлери, “Шоро”, “Куликовский дом”, “Абдыш ата”, “Дордой Ассоциациясы” ж.б.у.с. ири бизнес ишканаларын түптөгөндөр бар.
Эл аралык конференцияга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, алдыңкы жогорку окуу жайларынын жана чет өлкөлүк өнөктөш илимий изилдөө мекемелеринин жана жождорунун өкүлдөрү катышып, Франциянын Пуатье Университетинен (Пуатье); Индиянын Патанжали Университетинен (Харидвар); Россия Федерациясынын Урал федералдык университетинен (Екатеринбург), Россия элдер достугу университетинен (Москва); Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинен (Санкт-Петербург); Россия Президентинин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынан (Москва); Эл аралык экономикалык байланыштар институтунан (Москва); Н.П.Огарёв атындагы Мордовия мамлекеттик университетинен (Саранск); Казахстан Республикасынын Казакстан инновация жана телекоммуникациялык системалар университетинен (Урал); Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинен (Астана); Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинен (Алматы) 70тен ашуун илимий макалалар келип түштү.
Конференциянын катышуучулары менен КУУнун жамаатын Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракеси менен Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин экономика жана башкаруу институтунун башкаруу жана ишкердик мектебинин директору Алексей Клюев (Екатеринбург, Россия Федерациясы), педагогика илимдеринин кандидаты, Казакстан инновациялык жана телекоммуникациялык системалар университетинин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы, шаардык маслихаттын 7 чакырылышынын депутаты Аида Маратова (Уральск, Казакстан Республикасы) куттукташты.
Конференцияга катталган илимий макалалардын тематикалары эң актуалдуу маселелерди камтыды. Жыйындын жүрүшүндө окумуштуулар бири-бири менен жаңы көз караштарды алмашып, Өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө орчундуу сушуштар айтылды.
- Бактиярова Назима Бактияровна – КР Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин санарип саясатты өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси “Глобалдык санариптештирүү шартында Кыргыз Республикасынын экономикасы” темасында баяндама жасап, санариптештирүүнүн Кыргызстанга тийгизген таасирин, б.а. инвестицияларды тартууга, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, өндүрүштүк чыгымдарды азайтууга, бизнеске тийгизген таасирин жана экономикалык эффекти жөнүндө айтты.
- Певная Мария Владимировна – социология илимдеринин доктору. Б.Н.Ельцин ат. Урал федералдык университетинин социология жана социалдык башкаруунун технологиялары кафедрасынын башчысы (Екатеринбург, Россия Федерациясы) “Санариптик коомдо долбоордук окутуусунда стейкхолдерлердин маанилүү ролу” темасында баяндама кылды.
- Жагыпарова Аида Орынтаевна – экономика илимдеринин кандидаты, профессор. Л.Н.Гумилев ат. Евразия улуттук университетинин экономика факультетинин деканы (Астана, Казакстан Республикасы) “Финансылык технологиялар жана санариптештирүү: улуттук экономиканын көйгөйлөрү жана келечеги” темасында онлайн баяндама жасап, мезгилдин инфраструктуралык ажырым, финансылык сабатсыздык, кибер тобокелдиктер, укуктук тоскоолдуктар сыяктуу чакырыктарын баса белгиледи жана Казахстандагы санариптештирүү процессинин жаңылыктарын кабарлады.
- Шербекова Анарбубу Аманкуловна – экономика илимдеринин доктору, профессор, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети. Бишкек, Кыргыз Республикасы. Баяндаманын темасы: “Кыргыз Республикасынын экономикалык өсүш феномени анын өнүгүүсүнүн азыркы шарттарында.”
Конференциянын иши төмөнкү 4 тематикалык секцияларда улантылды:
- 1-секция. “Бизнестеги инновация жана туруктуулук: менеджмент, маркетинг логистика жана сапат менеджментинин интеграциясы атаандаштык жөндөмдүүлүгүнүн фактору катары.”
- 2-секция. “Базар экономикалык мамилелерди түзүүнүн шартында мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну модернизациялоо.”
- 3-секция. “Улуттук экономикалык кайра түзүүлөрдүн шартында географиялык аспектилер.”
- 4-секция. “Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн жаңы механизмдери.”
Конференциянын ишин жыйынтыктап, резолюция кабыл алынды. Ал эми катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.
Конференциянын программасы
Конференциянын резолюциясы
(С) Конференциянын уюштуруу комитети