2025-жылдын 2-апрелинде КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Москвадагы Россиянын элдердин достугу университетинде (РЭДУ) өткөн “Бухгалтердик эсеп биздин айланабызда” аттуу эл аралык студенттик олимпиадада 1-орунду ээлеген экономиканын жогорку мектебинин (ЭЖМ) бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит (БЭАжА) кафедрасынын студенттерин кабыл алды.

ЭЖМ директору Нуриза Мусаева ректорго аталган олимпиада 27-29-март күндөрү Россиянын элдердин достугу университетинде өтүп, мелдешке 11 өлкөдөгү 92 окуу жайдан 843 студент катышканын, КУУнун командасы командалык эсепте 1-орунду ээлеп, лидерликке жетишкенин айтып, студенттердин жатаканада жашоо акысын каржылап бергендиги үчүн ректорго ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, аталган жеңиш студенттердин мыкты даярдыгы менен өжөрлүгүнүн, о.э. БЭАжА кафедрасынын окутуучуларынын колдоосунун натыйжасында мүмкүн болду, ал эми олимпиада бухгалтердик эсепке, анализге жана аудитке кызыккан студенттердин кесиптик көндүмдөрүн, критикалык ой жүгүртүүсүн жана командада иштөөсүн өнүктүрүү үчүн олуттуу аянтча болуп калды. Иш сапардын жүрүшүндө РЭДУ жетекчилиги тарабынан КУУнун ректору Догдурбек Чонтоевге, ЭЖМ директору Нуриза Мусаевага жана БЭАжА кафедрасынын башчысы Арстаналы Ботобековго ыраазычылык сөздөрү айтылып, мындан аркы кызматташуунун келечеги да талкууланды.

Догдурбек Чонтоев эл аралык олимпиадада жеңишке жетишкен экономиканын жогорку мектебинин студенттерин ийгиликтери менен куттуктап, 92 команданын арасынан биринчиликти алыш – чоң жетишкендик экенин баса белгиледи жана команда мүчөлөрүнө окуудагы мындар аркы ийгиликтерди каалады. Ректордун айтымында, “Университеттин атын ушинтип чыгарыш керек”.

Жолугушууга биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев катышты.

Олимпиадага катышкан студенттер:

  1. Эркинов Эрсултан – ЭБХ(б)-2-21
  2. Таалайбеков Эмир – ЭБХ(б)-2-21 (жеке турда 2-орун)
  3. Ашырбаева Айдай – ЭБХ(б)-2-21
  4. Орозалиева Акылай – ЭБХ(б)-2-21
  5. Худайкулова Салима – ЭБХ(б)-3-22

Жетекчилери:

  • Бятова Каухар-Дина Викторовна – экономика илимдеринин кандидаты, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит кафедрасынын доцентинин м.а.
  • Араева Аида Кылычбековна – экономика илимдеринин кандидаты, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит кафедрасынын доценти.

Белгилей кетсек, команданын Москвага иш сапарын уюштурууга “Шоро” компаниясынын башкы директору Кайрат Эгембердиев менен “Сенти” каржылык компаниясынын негиздөөчүсү Нелли Симонова колдоо көрсөтүштү. ЭЖМ жетекчилиги менен команда мүчөлөрү аларга терең ыраазычылык билдиришет.

Бул жеңиш экономиканын жогорку мектебинин студенттеринин эле мыкты даярдыгын эмес, Кыргыз улуттук университетинин экономикалык билим берүү багытындагы бийик беделин далилдейт.

Олимпиаданын жүрүшүнөн алынган сүрөттөр

Добавить комментарий