Месяц: Июнь 2026

КУУда Эл аралык цивилизациялар аралык диалог күнүнө арналган тегерек стол болуп өттү

2026-жылдын 10-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 2024-жылдын 10-июнунан бери белгиленип келе жаткан Эл аралык цивилизациялар аралык диалог күнүнө арналган «Жибек жолунун жалпы мурасы: Байыркы салттардан санариптик келечекке чейин»…

Кытайдын Циндао университетинин делегациясы Улуттук университетке келди

2026-жылдын 10-июнунда Кытайдын Циндао университетинин проректору Лю Эньсянь мырза жетектеген делегация Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине келди. Шанхай кызматташтык уюмунун юридикалык окуу жайлары ассоциациясынын форумуна катышуу үчүн келген делегация…

Enactus KNU командасы «Жаштар стартаптары EXPO 2026» улуттук чемпионатында үчүнчү орунду ээледи

Улуттук университеттин Enactus KNU командасы өлкөнүн эң ири жаштар иш-чараларынын бири — Enactus Kyrgyzstan улуттук сынагынын алкагында өткөрүлгөн «Жаштар стартаптар EXPO 2026» мелдешине катышты. Бул иш-чара өлкөнүн бардык аймактарынан келген…

Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту КУУнун Баткен, Талас, Нарын аймактык көп тармактуу структуралык түзүмдөрүндө онлайн-окутуу уюштурду

Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту (ККДКЖИ) Кыргыз улуттук университетинин Баткен, Талас, Нарын аймактык көп тармактуу структуралык түзүмдөрүнүн профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери үчүн 2026-жылдын 8-июндан 22-июнга чейин “Педагогикалык чеберчиликти…

Улуттук университетте аспиранттар жана жаш илимий изилдөөчүлөр үчүн илимий семинар өткөрүлдү

2026-жылдын 9-июнь Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде аспиранттар жана жаш илимий изилдөөчүлөр үчүн илимий семинар өткөрүлдү. Иш-чараны КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев ачып, жаш изилдөөчүлөрдү колдоо жана алардын илимий…

КУУнун Нарындагы факультетинин деканы Сыдык Иманалиев өзүнүн окуу китептерине автордук укук жөнүндө күбөлүк алды

2026-жылдын 8-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук универитетинин Нарын шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин деканы, философия илимдеринин кандидаты, доцент Сыдык Иманалиевге Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин…

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү (толукталды)

2026-жылдын 9-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алып барган жыйында негизги маселе катары «Ж.Баласагын…

Түркология жана котормо таануу бөлүмү Баткен облусунда кесипке багыттоо иштерин жүргүздү

Кыргыз филологиясы факультетинин Түркология жана котормо таануу бөлүмү аймактардагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоодо көмөк көрсөтүү максатында активдүү иш алып барууда. Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында кесипке багыттоо иштеринин алкагында аталган…

КУУнун Талас аймактык көп тармактуу институту академик А.Акматалиевдин 70 жылдыгына карата конференция өткөрдү

2026-жылдын 5-июнунда Талас облусунун К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында Айтматов (Кара-Буура) районунун ардактуу атуулу, Талас мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, академик Абдылдажан Амантурович Акматалиевдин 70 жылдыгына арналган «Манас жана Айтматов –…

Чет тилдер институтунун студенттерине Швейцариялык волонтердук үй-бүлө тарабынан стипендия тапшырылды

2026-жылдын 4-майында Чет тилдер институтунда француз тилин үйрөнүп жаткан төрт студентке Швейцариядан келген волонтердук үй-бүлө – Брижит жана Жан-Жак Файет тарабынан 150 евро өлчөмүндө бир жолку стипендия тапшырылды. Аз камсыз…

Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун окутуучулары менен студенттери КИТ–2026 форумуна катышты

2026-жылдын 4–5-июнь күндөрү Бишкек шаарында өткөн КИТ–2026 (KIT Forum 2026) форумунун алкагында «Жогорку билим берүү жасалма интеллект доорунда: чакырыктар, өнөктөштүк жана чечимдер» аттуу тематикалык сессияга Компьютердик технологиядар жана жасалма интеллект…

Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн окутуучулары Самаркандда өткөн Түркология курултайына катышып келишти

2026-жылдын 5–6-июнь күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университети, Юнус Эмре институту, Түрк тил коому жана Мармара университети тарабынан уюштурулган “100 жылдык керээз: Самарканд Түркология курултайы” аттуу…

Улуттук университетте педагогика илимдери боюнча диссертациялык кеңеш ачылды

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Жогорку аттестациялык комиссиясынын 2026-жылдын 19-майындагы чечими менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук унуниверситетинде педагогика илимдери боюнча биринчи жолу Д.13.26.18 диссертациялык…

Улуттук университетте «Ректордун кубогун» утуп алуу үчүн кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

2026-жылдын 5-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 31-май – Университет күнүнө карата профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлер арасында «Ректордун кубогун» утуп алуу үчүн кичи футбол боюнча достук мелдеши өткөрүлдү. Мелдеш…

Ректор Япониянын «Sugamo Tokiwa Shokudo» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Саито Тарону кабыл алды

2026-жылдын 4-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Япониянын «Sugamo Tokiwa Shokudo» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Саито Тарону кабыл алды. Жолугушууда тараптар кадрларды даярдоо, билим берүү…

«KУУнун Сапатты башкаруу системасы ISO 9001:2015 стандартына шайкеш келет» деген сертификат берүүгө сунушталды

2026-жылдын 2-4-июнь күндөрү эл аралык Haensch Group компаниялар тобунун өкүлү, «Хенш Развитие Качества» ЖЧКсынын сапатты башкаруу боюнча директору, аккредитация боюнча башкы эксперт жана башкаруу системаларынын жетектөөчү аудитору Анна Нестеренко Жусуп…

Ректорат кеӊешинин кезектеги отуруму болуп өттү

2026-жылдын 4-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ректорат кеӊешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынды КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алып барды. Отурумда «Ж.Баласагын атындагы КУУга 2026-2027-окуу жылына кабыл алууга…

Улуттук университетте окуу жайдын туулган күнүнө карата сыйлыктар тапшырылды

2026-жылдын 4-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 31-май – Улуттук университеттин күнүнө карата көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, келечектеги адистерди тарбиялоодогу жетишкендиктери үчүн окуу…

Проректор Мырзабек Камчыбек уулу Түндүк Македониянын Визион университетинин вице-ректору менен жолугушту

2026-жылдын 3-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу Түндүк Македониянын Гостивар шаарында жайгашкан Эл аралык Визион университетинин вице-ректору, профессор Абдулмежит Нуредин мырза менен…

Ректор университеттин кафедра башчылары жана билим берүү программаларынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

2026-жылдын 3-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев окуу жайдын кафедра башчылары жана билим берүү программаларынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Ректор алгач катышуучуларды 31-майда белгиленген…

КУУда профессор Аскербек Саадабаевдин жаркын элесине арналган эл аралык илимий конференция болуп өттү

2026-жылдын 3-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Аскербек Саадабаевдин жаркын элесине арналган «Теориялык жана колдонмо математиканын актуалдуу көйгөйлөрү»…

Чет тилдер институтунун өкүлдөрү Германиядагы эл аралык илимий-билим берүү программасына катышты

2026-жылдын 25–31-май күндөрү Чет тилдер институтунун өкүлдөрү Германиядагы Friedrich-Alexander-Universität Erlangen–Nürnberg (FAU) университети тарабынан уюштурулган, “The Network on International Education in the South Caucasus and Central Asia at the Intersection of…

Чет тилдер институтунун окутуучулары Эл аралык жайкы мектепке катышты

2026-жылдын 25-майынан 2-июнуна чейин Чет тилдер институтунун Роман-герман тилдери кафедрасынын окутуучулары М. Ауэзов атындагы Түштүк Казакстан университети (Шымкент шаары), Алматы шаарындагы Франциянын Элчилиги жана Франциянын Пуатье университети тарабынан уюштурулган Эл…

И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институтта япониялык өнөктөштөр менен кызматташу маселелери талкууланды

2026-жылдын 1-июнь күнү И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык институтта институттун директору, п.и.д., профессор Р.Т. Сулайманова жана эмгек жамаатынын катышуусунда Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун (KRJC) демилгеси менен Такахаси Наоки мырза жетектеген…

КУУнун Нарын аймактык көп тармактуу институтунда «Жер ресурстарын комплекстүү башкаруу» борбору ачылды

2026-жылдын 2-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин С.Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунда «Жер ресурстарын комплекстүү башкаруу» борборунун расмий ачылыш аземи жана Эл аралык илимий семинардын биринчи…

КУУнун Сапатты башкаруу системасы ISO стандарттарына шайкештиги боюнча эл аралык аудиттен өтүүдө

2026-жылдын 2-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окуу жайдын Сапатты башкаруу системасынын (КУУ СБС) ISO 9001:2015 стандартына шайкештиги боюнча эл аралык аудиттин катышуучуларынын киришүү жыйыны өттү. Иш-чараны илимий иштер…

Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова УИАнын Ч.Айтматов атындагы институтунда доклад жасады

Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова 2026-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы адабият институтунда болуп өткөн «Уңгу жол — классикалык жана…

С.Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунун кызматкерлери Университеттин күнүнө карата сыйланышты

2026-жылдын 30-майында С.Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин түзүлгөн күнүнө карата сыйлыкка көрсөтүү боюнча комиссиянын жыйыны өткөрүлүп, Институттун профессордук-окутуучулук курамынын жана кызматкерлеринин билим берүү…