Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 24-июнундагы №233 «Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан тиешелүү маалымат билим берүү уюмдарына жеткирилди.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде аталган жарлык менен таанышуу жана анын талаптарын аткаруу максатында тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө расмий маалымат жөнөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен өлкө аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын аймагынан өз ыктыяры менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Ошондой эле белгиленген мөөнөттө өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кеткен адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айрым жоопкерчиликтерден жана чыгуу визасын тариздөө үчүн төлөмдөрдөн бошотулары каралган.

Кыргыз улуттук университети университетте билим алып жаткан жана эмгектенген чет өлкөлүк жарандарды, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлдөрүн Президенттин жарлыгынын талаптарына өзгөчө көңүл бурууга жана зарыл болгон учурда укуктук абалын мыйзам талаптарына ылайык жөнгө салууга чакырат.

(С) Журабаева Ч. — Эл аралык кызматташуу жана байланыштар боюнча департаментинин жетектөөчү адиси

Добавить комментарий