2026-жылдын 5-июнунда Талас облусунун К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында Айтматов (Кара-Буура) районунун ардактуу атуулу, Талас мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, академик Абдылдажан Амантурович Акматалиевдин 70 жылдыгына арналган «Манас жана Айтматов – дүйнөлүк руханий бийиктик» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрдагы «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы — «Манас» эпосунун жана улуу жазуучу «Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө» №330 жарлыгын ишке ашыруу максатында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) Талас аймактык көп тармактуу институту (ТАКТИ) тарабынан уюштурулган иш-чараны аталган институттун директору, техн.и.д, профессор Ж.С.Шаршембиев ачты.
Академик А.Акматалиев тууралуу кыска метраждуу көркөм тасма тартууланып, куттуктоо сөздөр айтылган соң, төмөндөгү илимий баяндамалар окулду:
- Булдыбаев А.С. — Аль-Фараби университетинин лектору, филология илимдеринин доктору, профессор: «Манас» эпосу казак аалымдарынын эскерүүлөрүндө»
- Орозобекова Ж.К. – УИАнын Ч.Айтматов атындагы Адабият институтунун кызматкери, филология илимдеринин доктору, профессор: «Мифтен реалдуулукка карай: «Манас» жана Ч.Айтматов»
- Коңурбаева Р.Э. — УИАнын Ч.Айтматов атындагы Адабият институтунун кызматкери, филология илимдеринин кандидаты: «Улуттук тил мурасын сактоо жана өнүктүрүүдөгү фундаменталдуу эмгектердин коомдук жана маданий мааниси»
- Исаева А.К. — УИАнын Ч.Айтматов атындагы Адабият институтунун кызматкери, филология илимдеринин кандидаты: «Кол жазмалар фондундагы материалдарды сактоодо жана жарыкка чыгарууда академик А.Акматалиевдин ролу»
- Ажибаев А.Ш. — УИАнын Ч.Айтматов атындагы Адабият институтунун кызматкери, филология илимдеринин кандидаты: «Адабий чыгармачылыктагы автордук позиция»
- Уметов Э.А. – ТАКТИнин доценти, филолософия илимдеринин кандидаты: «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы адам жана коом проблемасынын экзистенциалдык маңызы»
- Жунусалиева К.Т. – ТАКТИнин доценти, филология илимдеринин кандидаты «А.Акматалиев – көп кырдуу талант»
- Айталиева Т.К. — ТАКТИнин доценти, филология илимдеринин кандидаты: «Академик А.Акматалиевдин кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы”.
Алар академик А.Акматалиевдин чыгармачылыгына токтолуп, анын кыргыз адабият таануу, Айтматов таануу жана Манас таануу илимдерине кошкон салымын белгилөө менен, опол тоодой жасаган эмгектери жөнүндө ойлорун айтышып, ишине ийгилик каалашты.
Жыйындын соңунда академик А.Акматалиев КУУнун Талас аймактык көп тармактуу институтунун жамаатына, жалпы уюштуруучуларга ыраазычылык сөзүн билдирип, окуу жайдын китепканасына китептерди белекке тапшырды. Андан кийин катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Конференция маданий программа менен коштолуп, ТАКТИнин китепканачылары тарабынан А.Акматалиевдин чыгармачылыгы тууралуу көргөзмө уюштурулду.
(С) Жунусалиева К.Т. — ТАКТИнин пресс катчысы