Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Жогорку аттестациялык комиссиясынын 2026-жылдын 19-майындагы чечими менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук унуниверситетинде педагогика илимдери боюнча биринчи жолу Д.13.26.18 диссертациялык кеңеши 13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы; 13.00.02 – чет тилдерин окутуунун теориясы жана методикасы адистиктери боюнча ачылды. Тең уюштуруучу болуп Ош мамлекеттик университети саналат.

Диссертациялык кеңештин курамына Кыргыз Республикасынан — 7,  Россия Федерациясынан – 2, Казакстан Республикасынан – 2 окумуштуу кирди. Диссертациялык кеңештин төрайымы болуп белгилүү окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Асипова Нурбүбү Асаналиевна бекитилди.

2026-жылдын 5-июнь күнү диссертациялык кеңештин алгачкы отуруму болуп өттү. Аны университеттин биринчи проректору-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев ачып, кеңештин жалпы мүчөлөрүн куттуктады жана кеңешти ачуу боюнча демилгени колдогондугу үчүн чет элдик жана кыргызстандык окмуштуулаарга ыраазычылыгын билдирди. 

Жогоруда аталган адистиктер боюнча, өзгөчө 13.00.02 – чет тилдерди окутуунун теориясы жана методикасы адистиги боюнча диссертациялык кеңештин ачылышы Улуттук университет үчүн гана эмес, бүткүл республиканын турмушундагы маанилүү илимий окуя болуп саналат. Ал үч өлкөнүн: Кыргызстандын, Россиянын жана Казакстандын педагогика жаатындагы ири окумуштууларынын башын бириктирген эл аралык кеңештин ачылгандыгына байланыштуу. Бул окуянын актуалдуулугу ааламдашуунун барган сайын күчөп бараткан тенденциялары жана республикада аталган адистик боюнча   окумуштуулардын жоктугу жана башка мамлекеттерде алардын жетишсиздиги менен шартталган. 

Добавить комментарий