2026-жылдын 5–6-июнь күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университети, Юнус Эмре институту, Түрк тил коому жана Мармара университети тарабынан уюштурулган “100 жылдык керээз: Самарканд Түркология курултайы” аттуу Эл аралык илимий курултай өттү.
Аталган курултайга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Бурул Элебесова жана бөлүмдүн улук окутуучусу Фаризат Курамаева катышты.
Самарканддагы бул эл аралык курултай түркология илиминин тарыхындагы маанилүү окуялардын бири болуп саналат. Иш-чара 1926-жылы Баку шаарында өткөн Биринчи Түркология курултайынын 100 жылдыгына арналып уюштурулуп, түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү окумуштууларын, изилдөөчүлөрүн жана жаш түркологдорун бир аянтчага бириктирди.
Курултайдын ачылыш аземин Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинин Борбордук Азия элдеринин тилдери жана цивилизациясы институтунун директору, профессор, доктор Жулибой Элтазаров алып барды.
Катышуучуларды Шараф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинин ректору, профессор, доктор Рустам Халмурадов куттуктап, түрк дүйнөсүнүн илимий кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү мындай иш-чаралардын маанисине токтолду.
Ошондой эле ачылыш аземинде көрүнүктүү коомдук жана илимий ишмерлер сөз сүйлөштү: профессор, доктор Осман Мерт – Түрк тил коомунун төрагасы; профессор, доктор Абдурахман Алий – Юнус Эмре институтунун президенти; профессор, доктор Искендер Пала – Түркия Республикасынын Президентине караштуу Маданият жана искусство саясаты боюнча кеңештин мүчөсү; Рустем Кабилов – Самарканд облусунун акиминин орун басары; профессор, доктор Дерья Өрс – Ататүрк маданият, тил жана тарых жогорку мекемесинин төрагасы; профессор, доктор Ильяс Топсакал – Чыңгыз Айтматов институтунун президенти; Шухрат Негматов – Самарканд облустук кеңешинин төрагасы; профессор, доктор Күршад Зорлу – Түркиянын АК партиясынын төрагасынын орун басары жана Түрк мамлекеттери менен байланыштар боюнча жетекчиси.
Ачылыш аземинен кийин курултай пленардык жыйын менен уланып, андан соң катышуучулар тематикалык секцияларга бөлүнүп иш алып барышты.
Курултайдын алкагында доцент Бурул Элебесова 1926-жылдагы Бакуда өткөн Биринчи түркология курултайынан азыркы учурга чейинки кыргыз тили, кыргыз түркологдорунун жалпы Түрк Дүйнөсүнүн тил биримдигине кошкон салымы жөнүндө баяндама жасады. Баяндамасында кыргыз түркологиясынын калыптанышы жана өнүгүшү, кыргыз окумуштууларынын жалпы түрк дүйнөсүнүн тилдик жана маданий биримдигин чыңдоодогу орду жана салымы жөнүндө айтты. Ал эми улук окутуучу Фаризат Курамаева Биринчи түркология курултайы жана кыргыз адабий тилинин калыптанышы, К.Тыныстановдун жазуу реформалары жана терминология системасы туурасында баяндама жасап, Касым Тыныстановдун кыргыз жазма тилинин калыптанышындагы ролун, алфавит реформасы жана терминологиялык системаны түзүүдөгү эмгегин талдап берди.
Курултайдын жүрүшүндө түрк тилдери, адабияты, тарыхы, маданияты жана билим берүү маселелери боюнча илимий баяндамалар жасалып, заманбап түркологиянын актуалдуу көйгөйлөрү жана өнүгүү перспективалары талкууланды.
Курултайдын биринчи күнү илимий баяндамалар жана секциялык жыйындар менен коштолсо, экинчи күнү маданий программа уюштурулду. Анын алкагында катышуучулар үчүн Самарканд шаарынын тарыхый жана маданий мурастары менен таанышуу максатында экскурсиялар өткөрүлдү.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин өкүлдөрүнүн бул курултайга катышуусу университеттин эл аралык илимий кызматташтыгын кеңейтүүгө, түркология жана котормо таануу багытындагы байланыштарды чыңдоого, ошондой эле кыргыз тили менен маданиятын эл аралык деңгээлде жайылтууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле аталган курултай түрк дүйнөсүнүн илимий жана маданий байланыштарын бекемдеп, түркология илиминин мындан аркы өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенебиз.
(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент