2026-жылдын 2-4-июнь күндөрү эл аралык Haensch Group компаниялар тобунун өкүлү, «Хенш Развитие Качества» ЖЧКсынын сапатты башкаруу боюнча директору, аккредитация боюнча башкы эксперт жана башкаруу системаларынын жетектөөчү аудитору Анна Нестеренко Жусуп Баласагына атндагы Кыргыз улуттук университетинин Сапатты башкаруу системасынын (КУУ СБС) ISO 9001:2015 стандартына шайкештиги боюнча эл аралык аудит жүргүздү.
4-июнь күнү кечинде ал үч күндүк ишинин жыйынтыгын чыгарып, төмөндөгүдөй корутундусун жарыялады: «Аудитор катары мен сиздерди стандартка шайкеш келет деген сертификат берүүгө сунуштайм».