2026-жылдын 2-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин С.Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунда «Жер ресурстарын комплекстүү башкаруу» борборунун расмий ачылыш аземи жана Эл аралык илимий семинардын биринчи күнү болуп өттү.

Евразия-Тынч океан университеттер түйүнүнүн (Eurasian-Pacific Uninet — EPU) колдоосу менен ачылган бул борбор аймактагы жер ресурстарын туруктуу башкаруу, билим алмашуу жана европалык алдыңкы илимий тажрыйбаларды ишке ашырууга кызмат кылмакчы.

Аталган борборду жана Эл аралык илимий семинарды Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жылдыз Мамбетова менен КУУнун аймактык маселелер боюнча проректору Кундуз Базакеева куттуктоо сөздөрү менен ачып беришти.

Андан соң Австриянын BOKU жана UСW) университеттеринин өкүлдөрү, профессорлор Альфред Питтерле менен Йоханнес Маерк, о.э. Нарын аймактык көп тармактуу институтунун долбоор координаторлору Эрмек Байбагышов жана Адилет Мамырбаев өздөрүнүн илимий изилдөө иштери боюнча баяндама жасашты.

Түштөн кийин катышуучулар институттун кампусу жана жаңы ачылган заманбап лабораториялары менен таанышып, борбордун алдыдагы бир жылдык иш-планын аныкташты.

Эртең, иш-чаранын экинчи күнү, толугу менен Нарын жана Ат-Башы райондорундагы жер пайдалануучулар менен жеринде жолугушууга жана талаа изилдөөлөрүнө, экскурсияларга арналат.

Катышуучулар жана эксперттер:

  • КУУнун аймактык маселелер боюнча проректору Кундуз Базакеева
  • Нарын аймактык көп тармактуу институтунун долбоор координаторлору Эрмек Байбагышов жана Адилет Мамырбаев
  • Австриядан келген белгилүү профессорлор Альфред Питтерле жана Йоханнес Маерк
  • облустук ветеринария, суу чарба, өсүмдүктөрдү коргоо жана дыйканчылык институттарынын жетекчилери.

Маалымат:

EPU — бул Австриянын жана Чыгыш/Борбордук Азиянын алдыңкы жогорку окуу жайларын бириктирген, илимий долбоорлорду, академиялык мобилдүүлүктү жана стипендиялык программаларды колдогон эл аралык академиялык тармак.

(С) Олжобаева Тинатин — техникалык, агрардык жана экологиялык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу

Добавить комментарий