2026-жылдын 13-июль күнү эрте менен саат 9.00дө Улуттук университеттин кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратынын алдындагы аянтчада абитуриенттерди кабыл алуунун 1-турунун башталышына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Биринчи проректор — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев аянтчага чогулган болочок студенттерге жана алардын ата-энелерине 101-жолу абитуриенттерди кабыл алып жаткан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин тандагандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, окуу жайдын соңку жылдардагы ийгиликтери, дүйнөгө жана Кыргызстанга белгилүү бүтүрүүчүлөрү тууралуу кыскача маалымат берди.
Ободо КУУнун гимни жаңырып, университеттин
- Баткен аймактык көп тармактуу институтунун,
- Талас аймактык көп тармактуу институтунун
- Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунун,
- Сүлүктүдөгү А.А.Машрабов атындагы гуманитардык-экономикалык институтунун,
- Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтунун,
- Кызыл-Кыядагы М.М.Тайиров атындагы гуманитардык-педагогикалык институтунун,
- Ош, Нарын, Каракол шаарларындагы жана Талас облусундагы гуманитардык-табигый илимдер факультеттеринин,
- Нарындагы агрардык, техникалык-экономикалык колледжинин,
- Нарындагы Кадырбай Мамбетакунов атындагы педагогикалык колледжинин,
- Баткендеги көп тармактуу колледжинин,
- Сүлүктүдөгү педагогика жана коммуникациялар колледжинин
жетекчилери менен кабыл алуу комиссияларынын жооптуу катчылары кабыл алуу өнөктүгүнө даярдыгы тууралуу билдирүү жасашкан сон, биринчи проректор абитуриенттерди «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын көч башы болгон Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине кош келиңиздер! Сиздер үчүн биздин университеттин эшиги дайым ачык», — деп, аларды кабыл алуу комиссиясынын техкатчылары отурган имараттын ичине чакырды. Ал о.э. техкатчыларга абитуриенттерди көп күттүрбөй, мүмкүн болушунча тез, маданияттуу тейлеп, ыңгайлуу шарттарды түзүү тапшырмасын берди.
Жыйын аяктаган соң, абитуриенттер имараттын фойесине орнотулган стенддер жана кабыл алуу комиссиясынын өкүлдөрүнө келип, Улуттук университеттин институттары, факультеттери жана колледждери тууралуу кенен жана толук маалымат алып, 2020.edu.gov.kg сайты аркылуу катталууга киришти.
Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усеновдун айтымында, 1-турга каттоо 15-июль саат 14:00гө чейин уланат.