2026-жылдын 10-июнунда Кытайдын Циндао университетинин проректору Лю Эньсянь мырза жетектеген делегация Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине келди.
Шанхай кызматташтык уюмунун юридикалык окуу жайлары ассоциациясынын форумуна катышуу үчүн келген делегация мүчөлөрүн мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев кабыл алып, эки университеттин ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүү, билим берүү жана изилдөө жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Циндао университетинин проректору жылуу тосуп алгандыгы үчүн КУУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирип, өз университети жөнүндө кыскача маалымат берди жана бүгүнкү иш сапар эки университеттин ортосундагы достук жана академиялык байланыштарды чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналаарын, билим берүү, изилдөө жана академиялык алмашуу жаатында өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Назаркул Ишекеев менен Лю Эньсянь мырза Ж.Баласагын атындагы КУУ менен Циндао университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Иш-чарага Циндао университетинин юридикалык факультетинин деканы Цай Инвэнь, жаратылыш илимдери факультетинин деканы Сунь Хайсинь, эл аралык кызматташтык жана алмашуу кеңсесинин кызматкери Лю Фанфан, о.э. КУУнун эл аралык кызматташтык жана мамилелер департаментинин директору Бактыбек Келдибеков менен Кыргыз-кытай изилдөө институтунун директору Софья Апаева да катышты.