Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова 2026-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы адабият институтунда болуп өткөн «Уңгу жол — классикалык жана заманбап адабияттын руханий өзөгү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, «Енисей жазуулары жана кыргыз элинин алгачкы адабий мурастары» деген темада доклад жасады.
Жыйынды аталган институттун директору, академик А.Акматалиев ачты. Куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.К.Койчиев, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Президенти Б.М.Дженбаев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы М.К.Мураталиев ж.б.чыгышты.
Конференцияга коомдук ишмерлер, чет өлкөлүк жана республикалык окумуштуулар, акын, жазуучулар жана журналисттер ж.б. катышты.











