2026-жылдын 4–5-июнь күндөрү Бишкек шаарында өткөн КИТ–2026 (KIT Forum 2026) форумунун алкагында «Жогорку билим берүү жасалма интеллект доорунда: чакырыктар, өнөктөштүк жана чечимдер» аттуу тематикалык сессияга Компьютердик технологиядар жана жасалма интеллект институтунун илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары  Джунушалиева Б.А., «Маалыматтык системалар жана технологиялар» билим берүү программасынын ага окутуучусу Мусуралиева Д.Э.,   «Прикладык жасалма интеллект» кафедрасынын ага окутуучусу Омуралиева Б.Б. жана аталган кафедранын 2-курсунун студенттери катышышты. Форум Борбор Азиядагы санариптик технологиялар жана инновациялар боюнча ири аянтчалардын бири болуп, 2500дөн ашуун катышуучуну, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, жогорку окуу жайлардын жетекчилерин, эл аралык эксперттерди жана IT-индустрия өкүлдөрүн бириктирди.

Сессиянын жүрүшүндө жасалма интеллекттин жогорку билим берүү системасына тийгизген таасири, окуу программаларын жаңылоо, санариптик компетенцияларды өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдү колдоо жана эмгек рыногунун жаңы талаптарына ылайык адистерди даярдоо маселелери талкууланды. Катышуучулар билим берүү мекемелери менен технологиялык компаниялардын ортосундагы өнөктөштүктү күчөтүү, академиялык чөйрөгө инновациялык чечимдерди киргизүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууда жасалма интеллект технологияларын натыйжалуу пайдалануу боюнча пикир алышты.

Ошондой эле форумдун алкагында өткөрүлгөн тегерек столго катышып, төмөнкү эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин кызыктуу жана пайдалуу баяндамаларын угушту:

  •  Томаш Сивичек — эл аралык кызматташтык боюнча менеджер, ISUK уюмунун негиздөөчүсү жана директору, Устецкий крайдын Инновациялык борбору (Чех Республикасы);
  •  Мырза Каримов — Борбордук Азия университетинин корпоративдик билим берүү программасынын жетекчиси;
  •  Кайрат Итибаев, PhD — Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу директору, эл аралык «EcoPartner» консорциумунун башкаруучу өнөктөшү, Mini MBA курстарынын автору жана тренери;
  •  Андрей Ермаков — педагогика илимдеринин кандидаты, «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин Инженерия жана информатика факультетинин деканы.

 (С) Джунушалиева Б.А. —  илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий