2026-жылдын 3-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Аскербек Саадабаевдин жаркын элесине арналган «Теориялык жана колдонмо математиканын актуалдуу көйгөйлөрү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Теориялык жана колдонмо математиканын заманбап маселелерин талкуулоо максатында Улуттук университеттин Математика жана информатика институту тарабынан уюштурулган жыйынды илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу алып барды.

Конференциянын катышуучуларын КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев куттуктады. Ал өз сөзүндө Аскербек Саадабаев Кыргыз улуттук университетинде эмгектенген 40 жыл аралыгында 150дөн ашуун илимий-методикалык эмгектерди, 2 эки окуу китебин жарыялап, 5 илимдин кандидаттарын тарбиялаганын жана анын ысымы илим менен билимге берилгендиктин, жогорку кесипкөйлүктүн жана интеллигенттүүлүктүн символу болуп саналаарын белгиледи. Ректордун айтымында, бүгүнкү конференция заманбап математиканын актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулоого, илимий идеялар менен алмашууга жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого мүмкүнчүлүк түзүп, Аскербек Саадабаевичтин жаркын элеси математик окумуштууларды жаңы ачылыштарга, илимге кызмат кылууга жана келечектеги изилдөөчүлөрдүн муунун тарбиялоого шыктандырып турат.

Профессор Аскербек Саадабаев тууралуу кыскача видео-слайд көрсөтүлгөн соң, трибунага КУУнун Математика жана информатика институтунун профессору Каныбек Какишов, Физиканы окутуу технологиялары жана табият таануу кафедрасынын башчысы Эсенбек Мамбетакунов, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинин профессору Бактыгүл Токсобаева, россиялык профессор А.Б.Муравник (онлайн) чыгып, Аскербек Саадабаев тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү. Ал эми Аскербек Саадабаевдин уулу Марат иш-чаранын уюштуруучуларына жана чыгып сүйлөгөн баяндамачыларга ыраазычылык билдирди.

Андан кийин, конференциянын пленардык отуруму башталып, төмөндөгү докладдар окулду:

  • Панков П.С. — УИАнын корр.-мүчөсү, ф.-м.и.д., профессор: «Числовая оценка возрастания энтропии в почти замкнутых системах»;
  • Байзаков А.Б. — ф.-м.и.д., профессор: «Фрактальное моделирование магических квадратов высшего порядка и и их приложений к информационной безопасности»;
  • Кыдыралиев С.К. — э.и.д., ф.-м.и.к., профессор: «Решение квадратных уравнений методом симметризации».

Тыныгуудан кийин конференциянын иши «Теория некорректно поставленных задач», «Дифференциальные уравнения, динамические системы и оптимальное управление», «Геометрия и топология», «Современные технологии преподавания математики и информатики» жана «Компьютерные науки и технологии» деп аталган 5 секцияда уланды.

Добавить комментарий