2026-жылдын 30-майында С.Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин түзүлгөн күнүнө карата сыйлыкка көрсөтүү боюнча комиссиянын жыйыны өткөрүлүп, Институттун профессордук-окутуучулук курамынын жана кызматкерлеринин билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, окуу-тарбия иштериндеги жетишкендиктери, коомдук иштерге активдүү катышуусу жана жаш муундарды тарбиялоого кошкон салымы каралды.
Комиссия тарабынан структуралык түзүмдөрдөн түшкөн сунуштар талкууланып, талапкерлердин кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана институттун өнүгүшүнө кошкон салымы белгиленди. Жыйындын чечими менен:
- Ардактуу наамдарга Байбагышов Эрмек Муратканович, Эсеналиева Гүлжамал Өмүракуновна, Шерматов Сагынбек Макеленович жана Усубалиева Жылдыз Жекиновна сунушталды.
- Ардак грамотага Асаналиева Шайыркул Токтогазиевна, Ажыбаев Дүйшөнбек Мөкөшович, Омуралиева Мээрим Ниязбековна, Чекирова Гүлмира Кожобековна, Казыбекова Бурулкүл Асамидиновна, Кыдыралиева Гүлзат Алмамбетовна жана Мукашова Асель Султановна көрсөтүлдү.
- Ректордун ыраазычылыгына Асанкулова Мазира Кечеровна, Ашыров Эркинбек Тынымсеитович, Өмүрзаков Кубанычбек Токтогулович, Улан кызы Сырга, Белекова Асел Нуралиевна, Осмонова Бермет Майрамбековна жана Темирова Эльмира Султангазиевна сунушталды.
С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институту сыйлыкка көрсөтүлгөн профессордук-окутуучулук курамды жана кызматкерлерди куттуктап, билим берүү, илим жана тарбия багытындагы жооптуу ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалайт.
(С) Абдыжалилов Камчыбек — пресс-кызматы