2026-жылдын 25–31-май күндөрү Чет тилдер институтунун өкүлдөрү Германиядагы Friedrich-Alexander-Universität Erlangen–Nürnberg (FAU) университети тарабынан уюштурулган, “The Network on International Education in the South Caucasus and Central Asia at the Intersection of Educational Spaces (NIE-SCCA-EdSp)” долбоорунун алкагындагы эл аралык илимий-билим берүү программасына катышышты.
Программага Германия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын окутуучулары, изилдөөчүлөрү, докторанттары жана студенттери катышты. Бир жума ичинде катышуучулар эл аралык изилдөө топторунда иш алып барып, эл аралык билим берүү, көп тилдүүлүк, маданияттар аралык өз ара аракеттенүү жана академиялык кызматташтык маселелерине арналган лекцияларга, семинарларга жана воркшопторго катышышты.
29-май күнү Чет тилдер институтунун өкүлдөрү “International Education in the South Caucasus and Central Asia: Comparative Perspectives” аталышындагы эл аралык конференцияга катышып, биргелешкен илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын сунушташты. Ошондой эле Борбордук Азия, Түштүк Кавказ жана Европа өлкөлөрүндөгү эл аралык билим берүүнүн өнүгүүсүнүн заманбап тенденциялары талкууланды.
Программанын алкагында тилдик билим берүү жана маданияттар аралык коммуникация маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар Нюрнберг жана Эрланген шаарларындагы билим берүү жана жаштар борборлоруна барып, Германиянын формалдуу эмес билим берүү жана эл аралык кызматташтык жаатындагы тажрыйбасы менен таанышышты.
Чет тилдер институтунун эл аралык илимий-билим берүү программасына катышуусу академиялык байланыштарды чыңдоого, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кесиптик тажрыйба алмашууга өбөлгө түзгөн маанилүү кадам болду.
Аталган долбоор Германиянын Академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) жана Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер боюнча федералдык министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.
(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары