2026-жылдын 16-июль күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев 18-июлдан 28-июлга чейин Корея Республикасынын Тэгу шаарындагы Кемён университетине иш сапары менен кетип жаткан Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун (КТЖИИ) окутуучуларын кабыл алды.
Эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин (ЭАКжБД) директору Бакыт Келдибеков 2024-жылдан бери Улуттук университет менен Кемён университети Түштүк Кореянын Билим берүү министрлигинин «Leading University for International Cooperation» ( LUPIC) деп аталган 7 жылдык долбоорунун алкагында үзүрлүү кызматташып келе жаткандыгын жана КУУнун окутуучулары буга чейин 2 жолу Кемён университетине барып, стажировкадан өтүп келишкендигин маалымдады.
Ректор Кемён университети Улуттук университеттин көп жылдан берки тажрыйбалуу өнөктөшү, жеке, бирок күчтүү окуу жай экендигин белгилеп, алдыдагы жоопкерчиликтүү иш сапар университеттин эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө өбөлгө болоорун билдирди жана делегация мүчөлөрүнө ак жол, ийгиликтүү иш сапар, жемиштүү жолугушууларды жана жаңы билим-тажрыйба менен кайтып келүүнү каалады.
Белгилей кетсек, LUPIC эл аралык долбоорунун негизги максаты – билим берүү жана илим жаатында эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, академиялык тажрыйба алмашуу, заманбап окутуу технологиялары менен таанышуу жана эки университеттин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү болуп саналат.
Жолугушууга о.э. Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев катышты.
Кемён университетине окууга кетип жаткан делегациянын курамы:
- Диана Султанбекова — ЭАКжБД;
- Шайлообек Карагулов — МТБ;
- Эльзат Баялиева — КТЖИИ;
- Диана Мусуралиева — КТЖИИ;
- Замира Дакинова — КТЖИИ;
- Бакир Жадилов — КТЖИИ;
- Жалил Солтонбеков — КТЖИИ.