Медиа

Ректор академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында КУУга окууга келген чет өлкөлүк студенттер менен жолугушту

2026-жылдын 21-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында КУУга окууга келген чет өлкөлүк студенттер менен жолугушту. Жолугушууда ректор дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн…

КУУнун окутуучулары Душанбе шаарында өткөн Эл аралык форумга катышышты

2026-жылдын 13-18-октябрында Душанбе шаарында «Түшүм майрамы» фестивалынын алкагында Тажикстандын Туризм жана ишкердик университети тарабынан уюштурулган «Туруктуу туризм жана маданий мурас» аттуу эл аралык форум болуп өттү. Ага 100 дөн ашык…

«Социалдык иш» багытынын студенттери үчүн конок лекция өткөрүлдү

2026-жылдын 19-октябрында 5-окуу корпустун 109 аудиториясында, «Социалдык иш» багытында билим алып жаткан студенттер үчүн «Акыйкатчы институтунун жана социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик органдардын балдар укуктары жаатындагы ишмердүүлүгү» аттуу конок лекция өткөрүлдү. Иш-чара…

КУУда СССР Конституциясынын 90 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция башталды

2026-жылдын 20-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «СССРдеги улуттук мамлекет куруу жана улуттук саясат: тарыхый тажрыйбаны заманбап өңүттөн кайрадан карап чыгуу» аттуу эл аралык илимий конференция башталды. Иш-чара 1936-жылдагы…

Улуттук университетте ЖОЖдор арасындагы «Акыл таймаш» интеллектуалдык сынагынын жетинчи туру өттү

2026-жылдын 19-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жогорку окуу жайлардын студенттери арасында өткөрүлүп жаткан «Акыл таймаш» интеллектуалдык сынагынын экинчи сезонунун жетинчи оюну өттү. Оюнга төмөнкү окуу жайлардын атынан 12…

КУУда Кыргыз-кытай биргелешкен көп тилдүү маалыматтарды талдоо лабораториясы ачылды

2026-жылдын 19-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 5-окуу имаратындагы 204-кабинетте Кыргыз-кытай биргелешкен көп тилдүү маалыматтарды талдоо лабораториясы ачылды. Бөлмөнүн алдына тартылган кызыл лента кесилген соң, аталган лабораторияда аткарылган…

Улуттук университетке Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунан делегация иш сапары менен келди

2026-жылдын 19-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Элдик саясий консультативдик кеңешинин тышкы иштер боюнча комитетинин директору Чжан Хуачжун мырза баштаган делегация келди.…

Математика жана информатика институтунун магистранты Усаров Нурмухаммед эл аралык жогорку денгээлдеги конкурстун женүүчүсү аталды

Математика жана информатика институтунун жетекчилиги II курстун магистранты Усаров Нурмухаммедди Астана шаарында өткөн Эл аралык конкурста «КМШнын мыкты магистранты-2026» наамына ээ болушу менен чын дилден кызуу куттуктап, ага чың ден…

Ректор  Догдурбек Чонтоев Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова менен жолугушту

2026-жылдын 19-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова менен жолугушту. Актоты Раимкулова тарабынан демилгеленген жолугушууга ошондой эле КУУнун…

География, экология жана туризм факультетинин студенттери Ч.Айтматовдун үй-музейине экскурсияга барышты

2026-жылдын 15-16-октябрь күндөрү География, экология жана туризм факультетинин студенттери Кыргыз Республикасынын Илим, Жогорку билим берүү жана инновациалар министирлигинин 2026-жылдын 1-октябрындагы 2819 сандуу катына ылайык, Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке…

Улуттук университеттеги илимий-изилдөө борборлорунун ишмердүүлүгү оптималдаштырылат

2026-жылдын 16-октябрында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев окуу жайдагы илимий-изилдөө борборлорунун жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө аталган борборлордун учурдагы ишмердүүлүгү, илимий иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу жана борборлордун ишин оптималдаштыруу маселелери…

Биринчи проректор Алайбек Шамшиев КУУнун Каракол шаарындагы факультетине иш сапары менен барды

2026-жылдын 16-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биринчи проректору — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев КУУнун Каракол шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетине иш сапары менен барды. Факультеттин жамааты менен…

ККДжКЖ институтутун профессору Кайрат Осмоналиев Шанхай саясий илимдер жана укук университетинде сабак өтүп жатат

Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун профессору, юридика илимдеринин доктору, КР эмгек сиңирген юристи Кайрат Осмоналиев ШӨУ өлкөлөрүнүн юридикалык жогорку окуу жайлары ортосундагы академиялык алмашуунун алкагында Шанхай саясий илимдер…

Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун студенттери Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты

2026-жылдын 15-октябрында Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун ПИ(СПО)-1-26 жана ПИ-(Б)-1-26 тайпаларынын студенттери тарбиялык-агартуу максатында кураторлорунун коштоосунда Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барып келишти. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин руханий дүйнөсүн байытуу,…

Баткен аймактык көп тармактуу институтунун директору Абдикайым Жусубалиев АКШ Элчилигинин кеңешчиси Джонатан Перл мырза менен жолугушту

2026-жылдын 15-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Баткен аймактык көп тармактуу институтунун директору Абдикайым Жусубалиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси Джонатан Перл мырза менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун…

Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев КУУнун студенттерине мотивациялык мастер-класс өттү 

2025-жылдын 15-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетининде окуу жайдын «Жаратман Ордо» жаштар уюму тарабынан уюштурулган «Өзгөчө ой жүгүртүү – ийгиликтин башаты» аталышындагы мотивациялык мастер-класс болуп өттү. Иш-чаранын башкы…

Тарых жана чөлкөм таануу институтунун студенттери Түркиядагы түрк тилдүү жаштардын “Орток мурас – бир жүрөк” форумуна катышып келишти

2026-жылдын 9-11-октябрь күндөрү Түркиянын Кожаэли шаарында “Орток мурас – бир жүрөк” аттуу түрк тилдүү жаштардын форуму болуп өттү. Түрк дүйнөсүнүн жаштарынын башын кошкон бул масштабдуу иш-чара боордоштук байланыштарды жана достук…

Улуттук университетте академиялык мобилдүүлүк программасы ийгиликтүү ишке ашырылууда

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде академиялык мобилдүүлүк программасы жергиликтүү жана эл аралык кызматташтыктын алкагында ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алмашуу программасынын алкагында…

Түркиялык профессор Илкин Гулусой Кыргыз филологиясы факультетинин студенттерине конок лекция окуду

2026-жылдын 12-октябрында Түркия Республикасынын Кавказ университетинин Табигый илимдер жана адабият факультетинин Азыркы түрк тилдери жана адабияты бөлүмүнүн башчысы, профессор Илкин Гулусой Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн «Лингвистика…

«Колдонмо жасалма интеллект» кафедрасынын студенттери «Санариптик каржы — 2026» хакатонуна катышышты

2026-жылдын 13-октябрында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде «Санариптик каржы — 2026: Келечектин санариптик каржысы» аттуу хакатон өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — санариптик каржы тармагындагы жаңычыл чечимдерди иштеп чыгуу, заманбап маалыматтык…

Физика жана электроника факультетинин студенттери «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып келишти

2026-жылдын 10-октябрында физика жана электроника факультетинин студенттери менен окутуучулары №01-5/51 приказдын алкагында «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып келишти. Экскурсиянын жүрүшүндө факультет деканынын орун басары Исмаилова Г.Д., тарбия иштери боюнча декандын орун…

Кытайлык доцент география, экология жана туризм факультетинин студенттерине конок лекция окуду

Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата, 2026-жылдын 12-октябрында КРнын геология институту менен биргеликте, Кытай Эл Республиксынын Синьцзян илимий акедемиясынын экология жана география институтунан келген доцент Fan Lianlian география, экология жана туризм…

СГИИ директорунун орун басары Байбосунова Гүлзат жаш изилдөөчүлөрдүн академиялык мобилдүүлүгү боюнча Москвада илимий стажировкадан өтүп келди

Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директорунун окуу иштери боюнча орун басары Байбосунова Гүлзат Москва шаарындагы Байланыштарды өнүктүрүүнүн улуттук изилдөө институтунда (НИИРК — Национальный исследовательский институт развития коммуникаций) 2026-жылдын 21-сентябрынан 11-октябрына чейин жаш…

Улуттук университеттин студенттери «Евразия» уюмунун долбоорлору менен таанышты

2026-жылдын 13-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму менен Евразия лидерлер ассоциациясынын долбоорлорун тааныштыруу боюнча маалыматтык презентациялар өткөрүлдү. Иш-чарага И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу…

2027-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстандагы студенттердин стипендиялары жогорулайт

2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында билим алуучулардын стипендиялары жогорулайт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү о.э. жогорку…

КУУнун ректоруна эл аралык «Китеп искусствосу» сынагынын жеңүүүсүнүн диплому тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасында Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин XXIII «Китеп искусствосу» эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи жана заманбап талаптарга жооп берген жаңы китеп басылмаларынын көргөзмөсүнүн ачылышы…

LUPIC долбоорунун алкагында Бишкектеги мектептердин окуучуларына Python программалоо тилин окутуу башталды

2026-жылдын 10-октябрынан тартып Корея Республикасынын Кемён университети менен биргеликте ишке ашырылып жаткан LUPIC долбоорунун алкагында Эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бактыбек Келдибековдун демилгеси менен Бишкек шаарындагы №9, №24…

Догдурбек Чонтоев Алматы менеджмент университетинин (AlmaU) президенти Асылбек Кожахметов менен жолугушту

2026-жылдын 10-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Алматы менеджмент университетинин (AlmaU) президенти Асылбек Кожахметов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки университеттин ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттары, ошондой…

КУУда «Түрк дүйнөсүндө Азербайжан тили жана адабиятынын изилдениши» аттуу эл аралык симпозиум жыйынтыкталды

2026-жылдын 8-9-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Түркологиялык окуу-4» сериясынын алкагында «Түрк дүйнөсүндө Азербайжан тили жана адабиятынын изилдениши-3» аттуу эл аралык илимий симпозиум өттү. Илимий иш-чара Жусуп Баласагын атындагы…

КУУ EPU жана Эразмус+ алкагында эл аралык кызматташтыкты бекемдейт

2026-жылдын 7–9-октябрь күндөрү Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде Eurasia-Pacific Uninet Plenary Meeting 2026 жана Erasmus+ Cooperation Seminar аттуу эл аралык иш-чаралар болуп өттү. Иш-чараларга Европа жана…