День: 01.03.2024

Нурмамат Эсенкулов фундаменталдык илимдер институтунун директору болуп дайындалды

Ректор Төлөбек Абдырахмановдун буйругу менен тарых илимдеринин доктору, доцент Эсенкулов Нурмамат Жокенович 2024-жылдын 12-февралынан тартып фундаменталдык илимдер институтунун директору болуп дайындалды. ФИИнин жаңы жетекчисин институттун жамаатына 2024-жылдын 1-март күнү окуу…

Матфактын 3-курс студенттери педагогикалык практиканы ийгиликтүү өтүп келишти

Математика жана информатика факультетинин 3-курсунун Мб-1-21, Мб-2-21 тайпаларынын студенттери 2024-жылдын февраль айында Бишкек шаарындагы №1-мектеп-интернатта жана “Академия тенниса” менчик мектебинде педагогикалык практиканы ийгиликтүү өтүп келишти. 2024-жылдын 1-март күнү академик А.А.Бөрүбаев…

СжСИ кафедрасында 3-курс студенттеринин практикасын жыйынтыктоочу конференция болду

2024-жылдын 27-28-февраль күндөрү социалдык-гуманитардык илимдер институтунун социология жана социалдык иштер кафедрасында “Социалдык иштер” багытынын 3-курс студенттеринин кесиптик-профилдик практикасын жыйынтыктоочу конференция болду. Жыйында студенттер практика учурунда алган тажрыйбалары менен бөлүшүп, отчетторун…

“Venture Quest” конкурсу жыйынтыкталды

2023-жылдын 14-сентябрынан 24-ноябрына чейин КУУнун инвестиция бөлүмү менен Кыргыз-Жапон адамдык өнүгүү борбору биргеликте уюштурган “Venture Quest” программасынын алкагында студенттердин бизнес-долбоорлорду иштеп чыгууга жардам берүү, колдоо жана инвестицияларды тартуу боюнча лекциялар…

U.C.M. Italy Ассоциациясынын өкүлдөрү КУУнун студенттери менен жолугушту

2024-жылдын 29-февраль күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Италиянын U.C.M. Italy Ассоциациясынын президенти Паоло Брешиа жана ассоциациянын мүчөлөрү Анатолий Полосин менен Артем Ченсов Италияда 3 айлык окутуу боюнча Улуттук университеттин…

КУУнун студенттери “Джиу-джитсу” боюнча өлкө чемпионатында байгелүү орундарды ээлешти

КУУнун студенттери 2024-жылдын 27-29-февраль күндөрү Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлгөн “Комбат джиу-джитсу” боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында байгелүү орундарды ээлешти. Машыктыруучусу: Бакыт Кадыров – факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын…

Педагогикалык колледждин студенти джиу-джитсу боюнча күмүш медаль тагынды

И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин алдындагы педагогикалык колледждин студенти Кубанычбек кызы Жанетта Комбат джиу-джитсу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатына катышып, 2-орунду багындырды жана күмүш медалдын ээси болду. Колледждин жалпы эмгек жамааты Жанеттаны жетишкен…

ККДжКЖИ гимназиясында Эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш чара өткөрүлдү

2024-жылдын 29-февралында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун гимназиясында «Канча тил билсең, ошончо жолу адамсың» салттуу түрдө ар жылы бардык класстар арасында 21-февраль Эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш…