2023-жылдын 14-сентябрынан 24-ноябрына чейин КУУнун инвестиция бөлүмү менен Кыргыз-Жапон адамдык өнүгүү борбору биргеликте уюштурган “Venture Quest” программасынын алкагында студенттердин бизнес-долбоорлорду иштеп чыгууга жардам берүү, колдоо жана инвестицияларды тартуу боюнча лекциялар өтүлгөн.
Лекциялардын соңунда сынакка катышуу үчүн арыздар кабыл алынары жарыяланып, ага жеке катышуучулар жана 5 кишиге чейинки студенттерден түзүлгөн топтор да (КУУнун студенттери гана) катыша алары жарыяланган.
Коммерциялаштыруу потенциалына ээ болгон өзүбүздүн илимий-техникалык жана илимий-технологиялык изилдөөлөрүбүздүн негизинде жаңы продукцияларды, технологияларды жана кызматтарды түзүү боюнча бизнес-долбоорлор кабыл алынган.
2023-жылдын 29-декабрында лекция курсун аяктагандан кийин сынакка кабыл алынган студенттердин бизнес-долбоорлорунун арасынан эң мыктыларын тандоо боюнча комиссиянын отуруму болуп, сынакка кабыл алынган 32 стартап-долбоорлордун ичинен эң мыкты 15 бизнес-долбоорду тандап алышты. 2024-жылдын февраль айында ар бир командага консультация тренинг өтүлүп, жыйынтыгында 8 бизнес-долбоор финалга катышууга тандалган.
2024-жылдын 28-февралында КУУнун башкы имаратында “Venture Quest” сынагынын жыйынтыктоочу финалдык бөлүгү өттү. Иш-чарада КУУнун ректору Абдырахманов Төлөбек Абылович Кыргыз-Жапон адамдык өнүгүү борборунун тең-директору Атсуму Иваиге жана Кыргыз-Жапон адамдык өнүгүү борборунун бизнес бөлүмүнүн директору Шинья Танакага кызматташуудагы зор салымдары үчүн КУУнун ардак грамоталарын тапшырды. Ал эми КУУнун инвестиция боюнча проректору Сыдыкова Гулбара Бектургановна өз сөзүндө Кыргыз-Жапон адамдык өнүгүү борборуна ыраазычылык билдирип, катышуучуларга ийгилик каалады.
Финалга КУУнун студенттеринен түзүлгөн “OMUR”, “VIBETIME”, “AGRO INVEST”, “STUHARMONY”, “MARKETPLACE”, “BIRIKKEN”, “JEM ORDO”, “MICROGREENS” командалары өздөрүнүн бизнес-долбоорлору менен катышышты. Комиссиянын курамында төмөндөгүлөр болду:
- Сыдыкова Гулбара Бектургановна – Жусуп Баласагын атындагы КУУнун инвестиция боюнча проректору;
- Каратаева Сонайым Кубатбековна – КУУнун инвестициялар бөлүмүнүн жетекчиси;
- Марслатбек кызы Наргиза – КУУнун инвестициялар бөлүмүнүн маркетинг боюнча башкы адиси;
- Касымбаева Назгуль Байышевна – КУУнун инвестициялар бөлүмүнүн стартаптар боюнча адиси;
- Алмазбек Азимов – Кыргыз-Жапон адамдык өнүгүү борборунун тең-директору;
- Танака Шинья – Кыргыз-Жапон адамдык өнүгүү борборунун бизнес бөлүмүнүн директору;
- Фархад Абдырахманов – «AV Frontiers» инвестиция боюнча менеджери;
- Бакыт Алимжанов – Accelerate Prosperity аналитик;
- Эламан Саралаев – ЕРӨБнын Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто бизнес боюнча консалтинг департаментинин консультанты;
- Адхам Убайдуллаев – Кыргыз-Жапон адамдык өнүгүү борборунун эксперти;
Комиссия мүчөлөрү атайын даярдалган баалоо баракчалары менен ар бир бизнес-долбоорго ой-пикир билдиришти. Жыйынтыгында 1-орунга “BIRIKKEN” (КЕФ, Русская филология факультетинин студенттери), 2-орунга “MICROGREENS” (ЦППК им.Исамидинова, ВШЕ, КЕФтин студенттери), 3-орунга “JEM ORDO” командалары ээ болушту.
Сынактын жеңүүчү командалары KRJCнин “Бизнес Старт” курсуна бекер окууга жана KRJCнин окутуучуларынан бизнес-план иштеп чыгуу боюнча жеке консультация алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле жеңген командалар бизнес-план иштеп чыгуу боюнча ЕРӨБ тарабынан да жеке консультация алууга мүмкүнчүлүк алышты. Ал эми “MICROGREENS” командасы Accelerate Prosperityнин акселерация программасына чакырылды.
Иш-чаранын жыйынтыгында ар бир студентке КУУнун инвестиция боюнча проректору Сыдыкова Гулбара Бектургановна жана Кыргыз-Жапон адамдык өнүгүү борборунун тең-директору Алмазбек Азимов “Venture Quest” долбооруунун тастыктамаларын тапшырып, студенттердин мындан аркы иштерине ийгилик каалашты.
(С) Абдылдаева Шахзада – КУУнун инвестициялар боюнча проректорунун референт-катчысы.



