2024-жылдын 27-28-февраль күндөрү социалдык-гуманитардык илимдер институтунун социология жана социалдык иштер кафедрасында “Социалдык иштер” багытынын 3-курс студенттеринин кесиптик-профилдик практикасын жыйынтыктоочу конференция болду.

Жыйында студенттер практика учурунда алган тажрыйбалары менен бөлүшүп, отчетторун тапшырышты. Аталган конференцияга кафедра башчысы А.Р.Жусубалиев, доценттер С.О.Жунушова, Б.М.Кошбакова, А.А.Усубалиева, А.Ш. Жолдошева, ага окутуучу А.З.Беделбаева, окутуучу С.Т.Турдубаева жана группанын куратору, ага октуучу Б.Т.Матиев, катышып, студенттердин  күндөлүктөрүн текшерип, отчетторду кабыл алышты.

Социология жана социалдык иштер кафедрасы студенттерди кабыл алып, практикадан ийгиликтүү өтүү үчүн бардык шарттарды түзүп берген бардык уюмдарга чоң ыраазычылык билдирет.

(С) Турдубаева С.Т. – СжСИ кафедрасынын окутуучусу

Добавить комментарий