Математика жана информатика факультетинин 3-курсунун Мб-1-21, Мб-2-21 тайпаларынын студенттери 2024-жылдын февраль айында Бишкек шаарындагы №1-мектеп-интернатта жана “Академия тенниса” менчик мектебинде  педагогикалык практиканы ийгиликтүү өтүп келишти.

2024-жылдын 1-март күнү академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия,топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын кезектеги отуруму болуп, күн тартибинде аталган практиканын жыйынтыктары каралды. Доценттер Гульнара Мунапысова менен Гулмира Исраилова баяндама жасашып, практиканын жүрүшүндө студенттер мугалимдик кесиптин ардактуу да, түйшүктүү да жактары менен иш жүзүндө таанышып, тиешелүү методикалык тажырыйба топтоого жетишикендерин белгилеп кетишти.

Отурумдун соңунда, аталган кафедранын башчысы  Бекболот Канетов педагогикалык практиканын жетекчилерине мындан ары да студенттерге мугалимдин кесиптик ишмердүүлүгүнүн түрдүү жактары менен иш жүзүндө тааныштырып, алардын мугалимдик кесипке болгон кызыгууларын күчөтүү үчүн үзүрлүү эмгектенүүсүнө тилектештигин билдирди.

Белгилеп кетчү нерсе – практикант-студенттер сабактарында мультимедиа каражаттарын кеңири колдонуп, интерактивдүү доскада слайддар, презентациялар көрсөтүшүп, жогорку бааларга өтүү менен бирге,  класстан тышкары иш-чараларды да кызыктуу уюштурушуп, окуучулардын зор сүймөнчүлүктөрүнө ээ болушту.

Кафедра отуруму бүткөн соң, факультетте педагогикалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференция өткөрүлүп, анын  ишине университеттин “Практика жана карьера” борборунун директору Замир Бакалбаев катышты.  Катышуучулар практиканын жүрүшү боюнча өз пикирлерин билдирип, студенттер отчетторун тапшырышты.

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий