2024-жылдын 29-февралында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун гимназиясында «Канча тил билсең, ошончо жолу адамсың» салттуу түрдө ар жылы бардык класстар арасында 21-февраль Эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чарага гимназиянын мулагимдерин жана окуучуларын Кытай, Германия, Улуу Британия, Япония, Корея, Франция мамлекеттерине саякаттоо форматында өттү. Ар бир чет тилден берген мугалимдин окуучулары ыр, бий, чыгармалардан үзүндү көрсөтүштү. Иш-чаранын аягында гимназиянын башчысы, Нуралиева Гульназ Молдалиевна, бардык класстар жигердүү катышкандыгы үчүн ардак грамота менен сыйлап кетти. Балдардын даярдалган номерлери абдан жогорку деңгээлде өттү, чет тилдерин жакшы үйрөнүп, эркин сүйлөп, ырларды ырдагандары абдан кубантты. Окуучуларды мындан да ары талыкпастан окуп көңүл буруп, дагы толтура жетишкендиктерге жеткиле деп каалоо айтып кетти. Мугалимдерге ыраазычылык билдирди.

(С) Бейшеналиева Бермет – институттун башкы адиси – курстун менеджери

Добавить комментарий