И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин алдындагы педагогикалык колледждин студенти Кубанычбек кызы Жанетта Комбат джиу-джитсу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатына катышып, 2-орунду багындырды жана күмүш медалдын ээси болду.

Колледждин жалпы эмгек жамааты Жанеттаны жетишкен ийгилиги менен куттуктап, анын машыктыруучусу, дүйнөнүн бир канча жолку чемпиону, дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу Кадыров Бакытка ыраазычылык билдирет. Дагы да көптөгөн студенттердин ийгилик жаратып, чемпион болушу үчүн талыкпай эмгектене бериңиз, Бакыт агай!

(С) М.Т. Шарабидинов – педагогикалык колледждин башчысы

Добавить комментарий