2024-жылдын 29-февраль күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Италиянын U.C.M. Italy Ассоциациясынын президенти Паоло Брешиа жана ассоциациянын мүчөлөрү Анатолий Полосин менен Артем Ченсов Италияда 3 айлык окутуу боюнча Улуттук университеттин экономика, туризм багытында билим алып жаткан студенттери менен жолугушту.

Иш-чараны практика жана карьера борборунун директору Замир Бакалбаев ачып, студенттер үчүн жакшы  мүмкүнчүлүк түзүп берип, атайын маалымат берели деп келген конокторго ыраазычылык билдирди жана студенттерди активдүү катышууга чакырды.

Андан соң, Анатолий Полосин Италияда 3 ай акысыз билим алуу жана алган билимди практика жүзүндө колдонуу боюнча маалымат берди. Анын айтымында, студенттер 3 айлык билим алгандан кийин эл аралык денгээлдеги сертификат алышып, кошумча кесиптин ээлери болот, стипендия да берилет. Студенттер кызыктырган суроолорун берип, тийиштүү жоопторун угушту.

Иш-чаранын соӊунда Ассоциациянын өкүлдөрүн окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов кабыл алып, сүйлөшүүлөрдүн кийин КУУ менен Ассоциациянын ортосунда өз ара кызматташуу боюнча протоколго кол койду.

Иш-чара практика жана карьера борбору тарабынан демилгеленди

(С) Саматали к. А. – ПжКБнын жетектПжКБнун жетектоочу адиси ПжКБнун жетектөөчү адиси

Добавить комментарий