КУУнун студенттери 2024-жылдын 27-29-февраль күндөрү Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлгөн “Комбат джиу-джитсу” боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында байгелүү орундарды ээлешти.

  • Кубанычбек кызы Жаннета: 2-орун, 74 кг (кесиптик колледждин 1 курс студенти);
  • Курманова Райхон: 2-орун, 68 кг (КФФтин 3-курс студенти);
  • Эргешбаева Жибек: 2-орун, 56 кг (КФФтин 3-курс студенти);
  • Исманов Алишер: 3-орун, 62 кг (БФтин 3-курс студенти);
  • Кочконбаев Дурус: 3-орун, 57 кг (ККФтин 2-курс студенти);
  • Зулумов Бектур: 3-орун, 67 кг (ФИЯнын 3-курс студенти).

Машыктыруучусу: Бакыт Кадыров – факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу.

Кафедранын жалпы жамааты студенттерге чың ден соолук, окууларына албан ийгиликтерди каалайт. Силер Улуттук университеттин атын чыгардыңар. Мындан ары да көптөгөн ийгиликтерди багынта бергиле!

(С) Токонова Гулзат – ФАДТжС кафедрасынын башчынын орун басары

Добавить комментарий