Ректор Төлөбек Абдырахмановдун буйругу менен тарых илимдеринин доктору, доцент Эсенкулов Нурмамат Жокенович 2024-жылдын 12-февралынан тартып фундаменталдык илимдер институтунун директору болуп дайындалды.

ФИИнин жаңы жетекчисин институттун жамаатына 2024-жылдын 1-март күнү окуу иштери боюнча проректор Жениш Бексултанов тааныштырды. Ал адегенде ректордун буйругун окуп, андан кийин Нурмамат Эсенкуловду кызмат орду менен куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады жана жаңы кызмат ордуна отургузду.

Нурмамат Эсенкулов өз сөзүндө жооптуу кызматка дайындаганы үчүн КУУнун ректоруна ыраазычылык билдирип, алдыда кыла турган иштер көп экенин белгиледи.

Жаңы жетекчини тааныштыруу аземине институттун мурдагы жетекчиси Амантур Рыспаев катышты.

Добавить комментарий