Түзүмдөрдөгү жаңылыктар

Юридикалык институтта Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү

2025-жылдын 26-сентябрында 11-окуу имаратында Юридикалык институт тарабынан 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында студенттердин катышуусунда интеллектуалдык оюн уюштурулду. Ал үч бөлүктөн турду:• жанылмач айтып жарышуу,• сөздөрдү…

Математика жана информатика институтунда мамлекеттик тил күнүнө карата иш чара өттү

2025-жылдын 26-сентябрь күнү математика жана информатика институтунда Мамлекеттик тилдин 36 жылдык мааракесине арналган иш чара өткөрүлдү. Иш чарага 1-2-курстун студенттери активдүү катышып, кыргыз тилинде көркөм окууларды окуп арасында өз калемдерине…

Интернет технологиялар жана башкаруу программасынын доценти Автандил Жороев кандидаттык дипломун алды

Математика жана информатика институтунун жамааты интернет технологиялар жана башкаруу программасынын доценти Жороев Автандил Кемеловичти 01.01.02 — Дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу адистиги боюнча «Үчүнчү тартиптеги гиперболалык теңдемелер үчүн…

Кыргыз-япон институту Мамлекеттик тил күнүнө карата “Улут наркы — улуу тил” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрдү

2024-жылдын 25-сентябрында башкы имараттын кичи жыйындар залында кыргыз-япон институту Мамлекеттик тил күнүнө карата “Улут наркы — улуу тил” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрдү. Майрамдык салтанатка институттун директору Такахара Дайсуке, орун басары…

Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун студенттери «Санариптик Кыргызстан 2025» кибермашыгууларына катышты

Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун “Маалыматтык коопсуздук” билим беруу программасынын төрт студенти 2025-жылдын 24-26 — сентябрь күндөрү Hyatt Regency мейманканасында Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тарабынан уюштурулган…

География, экология жана туризм факультетинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди

2025-жылдын 23-сентябрь күнү География, экология жана туризм факультетинде Мамлекеттик тил күнү майрамы белгиленди. Факультеттин таланттары студенттер жана окутуучулар үчүн майрамдык концерт уюштурушту. Абдан кызыктуу номерлер болду: кыргыз тилинин мааниси жөнүндө…

Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Т.С.Маразыков УТРКнын “Таңкы Лайф” программасында тил маселеси боюнча көз карашын билдирди

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору, УИАнын корреспондент-мүчөсү Т.С.Маразыков Улуттук телерадиокорпорациясынын “Таңкы лайф” программасында “Кыргыз тилинде…

Чет тилдер институтунда “Эл дөөлөтү – эне тил” аттуу Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараөткөрүлдү

2025-жылдын 23-сентябрында Чет тилдер институтунда (ЧТИ) Мамлекеттик тил күнүнө карата “Эл дөөлөтү – эне тил” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чараны факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучулары Т.Чыманова, Г.Элтузерова,…

КУУнун доценттери Клара Алдашева менен Астра Укелеева ОшМУдагы эл аралык илимий конференцияга катышып келишти

2025-жылдын 12-13- сентябрында Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Мейликан Алтыбаеваны 75 жылдыгына жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 55 жылдыгына арналган «Математикалык билим берүүгө…

Чет тилдер институтунда эл аралык тренинг өткөрүлдү

2025-жылдын 11-сентябрында Чет тилдер институтунун профессордук-окутуучулар курамы үчүн «IELTS эл аралык тестине студенттерди даярдоодогу колдонулуучу ыкмалар» деген аталыштагы тренинг болуп өттү. Сабакты Адам Мицкевич Университетинин ардактуу профессору, Кембридж жана Оксфорд…

КУУнун окумуштуулары Т.Чаргынов менен К.Касымкулов Франциядагы эл аралык жайкы талаа мектебине катышууда

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун окумуштуулары, профессор Темирлан Чаргынов менен Келдибек Касымкулов Франциянын Жонзак шаарындагы Ше-Пино археологиялык эстелигинде өтүп жаткан “Борбордук Азиялык жаш изилдөөчүлөр…

Профессор Бекболот Канетов Азербайжан, Турция жана Түндүк Македониядагы илимий иш-чараларга катышып келди

Академик А.А. Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын башчысы, ф.м.и.д., профессор, Скопустагы Хирш индекси h=8 болгон окумуштуу-математик Бекболот Канетов 2-10 сентябрь күндөрү Азербайжан, Турция жана Македония…

Кыргызстан менен Япониянын окутуучулары тажрыйба алмашууда

2025-жылдын 10-сентябрында Япониянын англис тили мугалимдеринин ассоциациясы менен Кыргызстандын англис тили мугалимдеринин ассоциациясы биргелешип Чет тилдер институтунун англистика кафедрасы жогорку окуу жайлардын англис тили окутуучулары үчүн тренинг-семинар уюштурду. Иш-чарага өлкөнүн…

Профессор Гүлжамал Жаманкулова менен доцент Жеңишгүл Абдрасулова Венгриядагы Эл аралык симпозиумда доклад жасашты

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова менен эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин доценти Жеңишгүл Абдрасулова 2025-жылдын 2-5-сентябрында Венгрия Республикасынын Сегед университетинин…

ТӨМ — 2030: Экономиканын жогорку мектебинин «Экономика» кафедрасынын доценти Баймурзаева Н.С. «Микроэкономикага киришүү» темасында онлайн-лекция өткөрдү

3-сентябрь, 2025-жыл КУУда. Ж.Баласагын атындагы КУУнун Экономика жогорку мектебинин «Экономика» кафедрасынын базасында «Микроэкономика» окуу сабагынын алкагында «Экономика» багыты боюнча бакалавриат студенттери үчүн «Микроэкономикага киришүү»деген темада онлайн-лекция өткөрүлдү. Лекция микроэкономикалык анализдин…

МжИИ директору Изат Усенов Москвадагы эл аралык конференцияга (DFDE -2025) катышты

Математика жана информатика институтунун директору Изат Усенов 2025-жылдын 17-23-август күндөрү Москва шаарында академик С.П. Новиковдун элесине арналган “Дифференциалдык жана функционалдык-дифференциалдык теңдемелер” аталышындагы X Эл аралык конференцияга (DFDE -2025) катышты. Иш…

Юридикалык институтта тегерек стол өткөрүлдү

2025-жылдын 2-сентябрында Юридикалык институттун кылмыш-жаза укугу жана криминология кафедрасы менен «Кыргызстандын юристтери» ассоциациясы Конрад Аденауэр Фондунун (Германия) каржылык колдоосунда тегерек стол өткөрүштү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин Аппаратынын, министрликтердин, ведомстволордун,…

Улуттук университеттин окутуучулары ТОТ форматындагы тренингге катышты

2025-жылдын 19-20-август күндөрү Улуттук университеттин окутуучу-профессордук курамы Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбор (ICMPD) жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция минитстрлигинин миграциялык ресурстук борбору (МРБ) тарабынан ТОТ…

КТЖИИнин 7 окутуучусу Түштүк Кореянын Кемён университетиндеги жайкы лагерге катышып келишти

Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун 7 окутуучусу 13-июлдан 19-июлга чейин Түштүк Кореянын Тэгу шаарында жайгашкан Кемён университетинде LUPIC долбоорунун алкагында жайкы лагерге катышып келишти. Кемён университетинин компьютердик инженерия факультетинин…

АГТЖМО кафедрасы топология боюнча эл аралык илимий конференция өткөрдү

2025-жылдын 28-июнунан 2-июлуна чейин академик А.А.Бөрүбаев атындагы АГТ ж/а ЖМО кафедрасы Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында Ж.Баласагын атындагы КУУнун 100 жылдык жана академик А.А.Бөрүбаевдин 75 жылдык маарекесине арналган “Топология жана алардын…

Математика жана информатика институтунда бүтүрүүчүлөрдү узатуу аземи болду

2025-жылдын 2-июль күнү 6-окуу имаратынын 2-дарсканасында математика жана информатика институтунун бүтүрүүчүлөрүн узатуу аземи болуп, жыйынга институт директору Изат Усенов, анын орун басарлары Бактияр Рахманкулов жана Чолпон Байсабаева катышты. Директор студенттердин…

Математика жана информатика институтунда дүйнөгө белгилүү математиктер конок лекция окушту

2025-жылдын 27-июнь күнү математика жана информатика институтунда Чекия Республикасынын Оломоуц шаарындагы Палац университетинин профессору Йозеф Микеш “Геодезиялык карта түзүү жана жалпылоо” аталышындагы, ал эми М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору,…

Тарых жана чөлкөм таануу институтунун 1985-жылдагы бүтүрүүчүлөрү жолугушту

2025-жылдын 27-июнь күнү Тарых жана чөлкөм таануу институтунун 1985-жылдагы бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуу кечеси болуп өттү. Иш-чараны институттун директору Туратбек Сырдыбаев ачып, бүтүрүүчүлөрдү жылуу куттуктады. Андан соң, өз учурунда бул бүтүрүүчүлөргө сабак…

Баку университетинин профессору Сади Байрамов математика жана информатика институтунда конок лекция окуду

2025-жылдын 25-июнь күнү 6-окуу имаратынын № 1-дарсканасында Баку университетинин профессору, ф.м.-и.д. Сади Байрамов математика жана информатика институтунда конок лекция окуду. Ал Soft топология 1999-жылдан бери карай гана өнүгүп келе жаткандыгын…

ИЖККББ башкармалыгынын башчысы Урмат Тыналиев Ташкент  шаарындагы эл аралык конференцияга катышты

ИЖККББ башкармалыгынын башчысы Урмат Тыналиев 2025-жылдын 12–15-июнь күндөрү Өзбекстандын Ташкент жана Самарканд шаарларында өткөн “Moving Central Asian Studies ever further: Orthodox vs Unorthodox Approaches” аттуу эл аралык илимий конференцияга катышты.…

КУУнун «Бозжол» философиялык изилдөө борборунун директору Саветбек Абдрасулов Ош областындагы этнолагердин ачылышына катышты

2025-жылдын 20-июнунда Ош шаарындагы Чолпон Жеенбекова жетектеген «Билгирим академиясынын» демилгеси боюнча жана КР Президентинин Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Нуржадыевич Жантаев, Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими Чыңгыз…

Чет тилдер институтунда төртүнчү жана бешинчи курстун бүтүрүүчүлөрү үчүн салтанаттуу кече өткөрүлдү

2025-жылдын 20-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чет тилдер институтунда төртүнчү жана бешинчи курстун бүтүрүүчүлөрү үчүн салтанаттуу кече өткөрүлдү. Бүтүрүүчүлөрдү институттун директору Уметов К.К., кафедра башчылары Акчекеева М.С. (лингвистика),…

Конфуций институтунун директору Жылдыз Усенбаева Конфуций институттарынын директорлору үчүн семинарга катышты

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институтунун директору Жылдыз Усенбаева Кытай Эл аралык кытай тилин окутуу фонду тарабынан уюштурулган жергиликтүү Конфуций институттарынын директорлору үчүн семинарга катышты. Семинар 2024-жылдын 9-июнунан…

Менеджмент жана бизнес институтунун бакалавриатын аяктаган бүтүрүүчүлөргө дипломдор тапшырылды

2025-жылдын 16-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин А.А.Асанова атындагы Менеджмент жана бизнес институтунда “Менеджмент” багыты боюнча бакалавриатты аяктаган бүтүрүүчүлөрдү салтанаттуу узатуу аземи болуп өттү. Бул иш-чара студенттердин, окутуучулардын жана…