Сүлүктү шаарында өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн «Этно Плюс» реабилитациялык борборунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, ата-энелер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Аземди Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Сүлүктүдөгү гуманитардык-экономикалык институтунун (СГЭИ) директору Ш.Ж.Эржигитова ачып, борбордун ишмердүүлүгү, максаттары жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат берди.
Куттуктоо сөзүндө шаар мэри Болот Абдыжапаров Сүлүктү шаардык мэриясы бул социалдык долбоорду колдоого алышарын белгилеп, өзгөчө муктаждыгы бар балдардын сапаттуу социалдык-педагогикалык жана реабилитациялык кызматтарды өз шаарынан алуусу чоң мүмкүнчүлүк экенин айтып, мындай демилгелерди мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди.
Реабилитациялык борбор Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен «Этно Плюс» коомдук бирикмеси тарабынан, Сүлүктү шаардык мэриясынын жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Сүлүктүдөгү гуманитардык-экономикалык институтунун өнөктөштүгүндө ишке ашырылып жаткан 6 айлык долбоордун алкагында ачылды.
Борбордо 2 жаштан жогорку балдар үчүн комплекстүү социалдык-педагогикалык жана реабилитациялык кызматтар көрсөтүлөт. Алардын катарына логопед-дефектолог, ABA-терапия, логомассаж, сенсордук интеграция, мектепке даярдоо, коррекциялык педагогика жана дарылоочу дене тарбиясы (ЛФК) кирет. Кызматтарды тиешелүү жогорку билимдүү жана атайын даярдыктан өткөн адистер көрсөтүшөт.
Учурда борбордон Лейлек, Кадамжай райондорунан, Раззаков жана Сүлүктү шаарларынан келген балдар кызмат алышууда.
Жаңы борбордун ачылышы өзгөчө муктаждыгы бар балдардын жашоо сапатын жакшыртууга, алардын коомго ийгиликтүү аралашуусуна жана үй-бүлөлөрүнө сапаттуу колдоо көрсөтүүгө багытталган маанилүү социалдык долбоор болуп саналат.
(С) А.Абдиева — т.и.к., КУУ СГЭИнин ага окутуучусу